Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уйларды тоюттандыруу

Баш барак | Ветеринария | Уйларды тоюттандыруу

Тоюттардын бөлүнүшү: - өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан даярдалган, минералдык жана витаминдүү тоюттар.

Кесек тоюттар - буга чөп, саман, тыпын, башкача айтканда составында клетчаткасы көп тоюттар кирет, жакшы даярдалган 1кг беде чөбүнүн составында 0,48-0,5 тоют бирдиги, 100-110гр сиңимдүү протеин, 13-15гр кальций жана 100мгр чейин каротин болот.

Чыктуу тоюттар - силостолгон, тамыры тоют өсүмдүктөр (кызылча, сабиз, картошка ж. б.)

Концентратту тоюттар - дан тоюттары (жем)

Жаныбарлардан чыккан тоюттар - ынак сүт, көк сүт, сары суу, кан уну, эт уну, эт-сөөк уну

Минералдык тоюттар - туз, бор, сөөк үнү, преципитат жана микро элементтер - йод, кобальт, жез, марганец ж. б.

Чыктуу тоют ар кандай өлчөмдө берилген учурда уйларга кесек тоюттун суткалык нормасы төмөндөгүгө жакын болот.

Рациондогу чыктуу тоютУйдун тирүүлөй салмагы, кг
300400500600
Рациондогу кесек тоют
104567
253456

Саан уйларга концентраттык тоюттун суткалык нормасы сүттүүлүгүнө жараша ар бир килограмм сүттү эсепке алуу менен белгиленет.

Суткасына саалган сүт (кг)Ар бир кг сүткө карата конц. тоюттун берилиши (гр)
10го чейин100гө чейин
10-15100-150
15-20150-200

Эскертүү! Буурчак (бобовые) дандуу өсүмдүктөр өскөн жайыттарда багылган уйлардан концентраттык тоюттар кошумча берилбеген учурда да суткасына 10килограммга чейинки сүттү алууга болот.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1121, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо