Уйку

Түн ичинде Апендиникине ууру кирип, үй ичин бүт көтөрүп кетет. Апенди падыша сарайынын сакчыларынан шек санап, эртеси Аксак Темирдин өзүнө даттанып барат. - Сыягы, уктаганда катуу уктайсың го? - деп, Темирлан каткырып күлөт. - Катуу уктабаганда, абдан катуу уктайм - деп, жооп берет анда Апенди. - Уйкубузду өзүңдөй сак пааша кайтарганга ишенип, кенебей уктай берчүмүн катуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)