Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уй өстүрүүнүн (багуунун) мааниси

Баш барак | Ветеринария | Уй өстүрүүнүн (багуунун) мааниси

Уй өстүрүүдөн адам баласы - сүт, эт, май, тери жана башка пайдалуу нерселерди алышат. Уй мындан 8 мин жылдай илгери Тур деген жапайы жаныбарды колго үйрөтүүдөн келип чыккан. Уйлар негизинен эки багытта өстүрүлөт - эт жана сүт багытында. Уйдун дүйнөдө 200-дөй породасы бар. Орто эсеп менен 15-20 жыл жашашат. Саан уйлар 9-12 жыл сүт берет . Кунаажындар 16-20, букачарлар 15-18 айлыгында куутка кошулат. Уйлар музоосун орто эсеп менен 285 кун көтөрүшөт. Музоолор туулганда породасына жараша 18кг дан - 60кг чейин салмакта болушат.

Уйлардын орто салмагы 250-300 кг, букалардыкы 300-400 кг (эң чоңу 1600кг). Сүт багытындагы уйлар жылына 3500-4000 литр сүт беришет, сүтүнүн майлуулугу - 3,6-40%. Чыгаан уйлар 20000 литр сүт берет (голланд уйу), күнүнө 82,2 литр сүт берген (ярослав уйу). Кострома породасындагы уй 13 жылда 120247 литр сүт берген. Эт багытындагы кунаажын, букачарлар 1,5-2 жашында 400-550 кг салмака жетет. Орто семиздиктеги чоң уйдан 60% эт, 10% май, 17% сөөк чыгат. Кыргызстанда негизинен: Ала-Тоо, Олуя-Ата уйлары асыралат.

Уйкананын ичинде температура кышында 10-12 градустан төмөн болбош керек, эгер андан төмөн болсо, жеген тоюттарынын энергиясы этке же сүткө кетпестен, организмдин суук температура менен күрөшүүгө сарпталып, уйлар эт албай же сүт берүүсү азайып, тоютту көп жей баштайт. Ал эми нымдуулугу 80-85% болуусу шарт. Уйларды жынысына, жашына карата бөлүп баккан жакшы. Уйдун музоосу жакшы болсун үчүн жана организми эс алсын үчүн , тууруна 2 ай калганда сөзсүз байытыш керек. Уй өстүрүүдө сөзсүз породасын, багуусун, жашын, биринчи жолу куутка кирүүсүн, тирүүлөй салмагын, ден соолугун, сүттүүлүгүн караш керек. Ушул талаптар ойдогудай болгондо гана, уйду багуу өзүн-өзү актайт. Эптеп боло берет деп 1-2 литр сүт берген уйду бага бербей, 15-20 литр сүт берген асыл тукум уйларды көбөйтүү экономикалык жактан пайдалуу.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 2038, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо