Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Уй багылуучу жайларды куруунун стандарттары

Ысык-Көл областында уйлар багылуучу жайларды жылуулап салышат. Чатырын чоп уйгудой (сеновал) кылып көтөрүшөт, анткени сарай жылуу болот жана потологу тердебейт. Уй сарайда жетиштүү микроклимат болуусу жана уйларды күн сайын сейилдетип (мацион) туруу зарыл. Интенсивдүү саалуучу жогорку продуктуулу уйлардын энергиялык запасын үзгүлтүксүз толуктап туруу талап кылынат. Анткени 1 литр сүт пайда болуш үчн уйдун желининен 300-500 литр кан өтүш керек. Продуктуулугу жогору уйлардан бир суткада 30-35 литрден жогору сүт саалып алынат. Минута сайын уйдун организмнен 0,6г белок, 0,66г май, 0,8 г лактоза сүт менен бөлүнүп чыгып турат. Ошондуктан саан уйлардын кислородго болгон муктаждыгы өтө жогору.

Уй сарайларды курууда жакшы калың тактайлар же кыш (кирпич) колдонулат. Бул материалдардан салынган уй сарайлар бышык жана жылуу болот. Бир уйга аштоосун жана өтүүчү жерди эсепке алганда 6 чарчы/метр туура келет. Бир саан уй үчүн 1,8-2,5 м2 туура келет. Керегесинин бийиктиги 2-2,5 метр. Уй сарайлардагы полдор жерден бийигирээк жана суюктуктар агып кетиш үчүн 8-10сантиметр эңкейиш абалда болот. Эгерде өтө эңкейиш абалдагы полдор уйлардын буттарынын оорушуна алып келет. Пол салынбаган сарайларда уйлар бөлүп чыгарган суюктуктар жерди чыла кылып абаны аммиак менен ууландыруу коркунучу пайда болот. Уй сарайларда терезенин болушу шарт жана уйдун башынын бийиктигинен жогору болушу керек тактап айтканда 1,2 метр полдон жогорку бийиктикте.

Тоюттандыруу жана сугаруу үчүн шарттар. Аштоону жасоодо көбүнчө калың тактайлар колдонулат, малдардын тоюттануусуна жана ар кандай жараттардын болбошу үчүн сүрүлгөн тактайлар ылайыктуу келет. Аштоолор үчкө бөлүнөт: которулма, жылдырылма жана которулуучу. Байланып багылган уйларга өзүнүн аштоосу жана суу иче турганы (поилка) болуусу зарыл. Тоюттандыруучу өтмөлөрдүн (проход) туурасы 1метрден кем болбошу керек. Тоюттандыруунун биологиялык техникасы – тоюттун тез-тез берилиши. Бул жогорку сүттүүлүк үчүн кошумча артыкчылык.

Карын зилинин 1:1000 бөлүгүндө 1000-10000 чейин бактериялар жайланышат. Жалпысынан алганда жин карындарда 3-6 кг чейин ар түрдүү бактериялар болот. Жин карындардын бактериялары целлюлозаны (клетчатканы) дагы ачытат. Ошондуктан кепшөөчү мал кесек тоютту (чөп, саман, топон ж. у.с. кургак тоюттарды) көп жеп, аны сүт жана этке айландырат. Кепшөөчү мал ушул сапаты менен адамдарга пайдалуу жаныбар катары каралат.

Саан уйлар кепшөөчү эмес малдарга караганда энергияны өтө көп коротуу менен белокту иштеп чыгарышат. Мунун себеби кесек тоютту сиңирүүгө даярдоо үчүн коротулган энергияда. Энергиянын көбү газдардын (метан) пайда болушуна жана карындагы бактериялардын муктаждыгына жумшалат (мисалы, сүт өндүрүү үчүн тоюттун жалпы энергиясынын 57-63% жумшалат).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)