Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уй

Баш барак | Жомок уламыштар | Уй

Жараткан бардык жан-жаныбарлардын мүчөлөрүн жасап берип жөнөтүп жатыптыр. "Уй" дагы бардык мүчөлөрүн алып, эми бөйрөгүнө келгенде, бир сайгак келип сайылган экен.

Анын оорусуна чыдай албай, бөйрөгүн эсинен чыгарыптыр да куйругун чамгарактатып качып жөнөптүр. Бир маалда сайгактан кутулуп, өпкөсүн басып алган соң баамдаса, эки бөйрөгү жок, эки капталы оңурайып эңшерилип турган экен. Ошондон күшүлдөй басып барып, Жараткандан бөйрөк сураптыр.



Жараткан бардык жаныбарларга бөйрөктү бөлүштүрүп берип болгон экен, бөйрөк калбаптыр. Кайрадан жаныбарларды чогултуп бөйрөктөрүнөн сурап алып, уйга бөйрөктөрдү кураштырып берген экен. Ошого уйдун бөйрөгү кырк курак болуп калган имиш. Бул мифтик баян уйдун бөйрөгүнүн туруму келбетине карай элестетилип айтылган көркөм түшүнүк болуп эсептелет.



Мындагы башкы тааным дүйнөдөгү заттардын - жасоочусу, жаратуучусу болот деген түшүнүктөн улам элестетилип айтылганын баамдайбыз.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1558, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо