Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Угуунун бузулушунун алдын алуу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Угуунун бузулушунун алдын алуу

Угуунун начарлашына сырткы угуу түтүктө саргыч зат - кулку жыйылып калышы да алып келет. Кулку сырткы угуу түтүктөрдүн бездеринен бөлүнүп чыгат жана коргоо функциясын аткарат: айлана-чөйрөдөн сырткы угуучу түтүккө кирген чаң менен микробдор анда кармалып калат. Сырткы угуучу түтүктө кулку көп өлчөмдө жыйылып калса, аны ширеңке, карандаш, төөнөгүч менен алууга болбойт. Анткени тарсылдак жаргагына доо кетип, такыр укпай калууга мүмкүн. Жыйылып калган кулкуну сырткы угуучу түтүктөн адис-догдур гана алып чыгууга тийиш же башына кебез оролгон таякча менен кылдаттыкта тазалашат.

Кулку кулакта көп өлчөмдө чогулбаш үчүн, бала жуунгандан, аны кебези бар таякча менен кылдаттык менен тазаласа болот. Тамак ооруда, скарлатинада, сасык тумоодо бул ооруларды пайда кылуучу микробдор кулкун көңдөйүнөн уктургуч түтүк аркылуу кулакка келип, аны сезгендириши мүмкүн. Минткенде уктургуч сөөктөрдүн кыймылдуулугу жоголот да, үн толкундардын ички кулакка өтүшү бузулат. Эгерде сезгенүү процесси ички кулакка өтсө, киттти дүлөй болуп калышы мүмкүн.

Адатта, сезгенүү процесстеринде кулак ооруйт, бул учурда дароо догдурга кайрылуу керек. Өз убагында медициналык жардам берүү дартты жана ага байланыштуу ырбоолордун алдын алат. Угуунун бузулушуна өтө катуу табыштар да алып келет, мисалы учуп бараткан самолеттун, кээ бир өндүрүштүн ж. б. күчтүү табыштары тарсылдак жаргакчага таасир этип, аны жарып жибериши мүмкүн. Катуу табыш таасир эткенде оозду ачуу керек. Адатта балдар эстрадалык музыканы угуп жатканда магнитофондун үнүн өтө катуу чыгарат. Мындай учурларда балага ата-эне угуунун гигиенасын эске салып, музыканын үнүн төмөндөтпөсө бара-бара катуу музыканы уккандан баланын угуусу начарлай тургандын эскерүүсү зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1517, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо