Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Учак

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Учак

Кылымдар бою адамдар асманга көтөрүлүп, абада закымдап учууну самаган. Алардын фантазиясы убакыттан озуп, укмуштуу учуучу килемди ойлоп чыгарышкан. Техниканын өнүгүүсү менен бул кыял ишке ашат. 1884-1885-жылдары орустун деңиз офицери А. Ф. Можайский биринчи жолу учуучу аппаратты жасаган. Албетте анын учагы азыркы кубаттуу учактардан абдан айырмаланган. Силер учактардын ылдамдыгы, учуу бийиктиги жана түзүлүшү кантип өзгөрүп келгенин Авиация макаласынан окуп билсенер болот. Учактын негизги бөлүгү - канаттары.

Алардын жардамы менен учак абада өзүн кармап турат. Реактивдүү кыймылдаткычтын тартуу күчү менен учак зор ылдамдыкта алдыга карай атылып жөнөйт. Эгерде учактын канаты анын кыймыл багытына бурч боюнча жайгашса, анда канатка тийген аба агымы төмөн кетет да, учакты абада кармап туруучу көтөрүү күчүн пайда кылат. Учактын куйругуна стабилизатор орнотулган. Стабилизатордун ортосунда тик теңдегич - киль жайгашкан. Булардын бардыгы куйрук калкуусу деп аталат.

Стабилизатор учакты абада туруктуу абалда кармап туруу үчүн керек. Стабилизаторго жана тик теңдегичке бийиктикти жана багытты башкаруучу руль бекитилет. Мисалы, учкуч бийиктик рулун төмөн түшүрсө, ага ошол замат абанын агымы урунуп басым жасайт да, учактын куйругу жогору көтөрүлөт. Учак төмөн түшө баштайт. Эгерде учуунун багытын өзгөртүү керек болсо, мисалы оңго анда учкуч багыт рулун оңго бурат. Рулга аба агымы басым кылат да учак оңго бурулат.

Канат да, куйрук калкуусу да учактын корпусуна - фюзеляжга бекитилет. Анда учкучтардын кабинасы, учакты башкаруу механизмдери, жүргүнчүлөр салону, жүктөрдү жайгаштыруучу жай бар. Эгерде учак бир кыймылдаткычтуу болсо кыймылдаткычы да фюзеляжга орнотулат. Ал эми кыймылдаткычтар көбүрөөк болсо анда канатка жайгаштырылат. Кээ бир самолёттордун кыймылдаткычтары фюзеляждын арткы бөлүгүндө болот, мисалы, жүргүнчүлөр ташуучу Ил-62 учагы ушундай. Учактын эң маанилүү бөлүгү - шасси.

Бул жоон жана серпилгич дөңгөлөктүү арабача. Ансыз учууга да, конууга да мүмкүн эмес. Учканда аба каршылыгын азайтуу үчүн шасси фюзеляждын же канаттын алдына киргизилет. Кубаттуу реактивдүү кыймылдаткычтар учакты 20-25 чакырым бийиктикке көтөрүп, өтө тез - саатына 2000 чакырымдан ашуун ылдамдык менен учурат (турбореактивдүү жүргүнчүлөр учагы - ЯК-40). Канаттуу машиналардын иши өлкөбүздүн эл чарбасына абдан керек. Атайын приборлор орнотулган учактар менен кен чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Учактар балык кармоочу флотилияга океандардагы балык үйрүн табууга жардам берет. Асманда учуп жүрүп, талааларга отоо чөптөрүнө каршы химиялык заттарды же семирткичтерди чачат.

Аба өрт өчүргүчтөрү токой өрттөнсө аны таап өчүрөт. Учактар түрдүү кесиптердин ролун аткарат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1590, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо