Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тыныстанов Касым (1910-1938)

Силер окуган Эне тили китебин алгач ким жазганын билесинерби? Ал кыргыз элинии тунгуч илимпозу, Кыргызстандан чыккан биринчи профессор (1936) Касым Тыныстанов болгон. Азыркы улут адабиятын, тил илимин, журналистикасын негиздеген, кыргыз алфавитин түзгөн. Акын, прозачы, драматург, адабиятчы жана коомдук ишмер катары таанылган.

Анын ишке болгон жөндөмү эң мыкты болгон. 23 жашында алгачкы окуу китебин бир айдын ичинде жазып бүтүргөн. Бирок ал 37 жыл гана өкүм сүргөн. Эл душманы деген жалган жалаа менен 1937-жылы камалып, 1938-жылы атылып кеткен. Ушундан улам анын аты далай жылдарга айтылбай, эмгектери пайдаланылбай келген.

Азыр бардык жагынан акталган. Касым Тыныстанов Ысык көл районундагы Чырпыкты деген жерде туулган. Атасы эскиче кат тааныган адам болгон. Ошондуктан баласын билимдүү кылууга көп аракет кылган. Айылдык мектеп кийин аны Караколдогу, Сазановкадагы орус, кыргыз, өзбек тилиндеги мектептерден окуткан. 1916-жылкы көтөрүлүштөн улам ал окуусун толук бүтүрө албай калган.

1919-1924-жылдары Ташкендеги казак, кыргыз агартуу институтунан билим алган. Ал кыргыз элинин билимдүү болушу үчүн көп иштерди жасаган. 24 жашында кыргыздын тунгуч гезити Эркин тоонун редактору, 26 жашында Кыргыз эл агартуу комиссары (министри), 35 жашында профессор болгон. Латын алфавитинин негизинде кыргыз алфавитин түзгөн.

Алгачкы кыргыз тилинде жарык коргон Эркин-Тоо газетасынын редактору, Кыргыз АССР Эл агартуу комиссары кызматтарында иштеген. Анын Эне тили, Окуу-жазуу тил, Биздин тил, Эне тилибиз, Тил сабагы, Кыргыз тилинин морфологиясы, Кыргыз тилинин синтаксиси жана башка эмгектери азыркы тил илиминин өнүгүшүнө негиз болгон.

Касым Тыныстанов жаш кезинен эле ыр чыгарган. Касым ырларынын жыйнагы китеби 1925-жылы Москвадан кыргыз тилинде чыккан. Балдарга арналган бир нече ырлары, аңгемелери бар. Касым Тыныстанов атында көчө, мектеп, китепкана, университет, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы бар. Бишкек, Каракол шаарында, Чырпыкты айылында эстелик тургузулган.

КЕНЕНИРЭЭК

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)