Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тынаев Осмонкул

Баш барак | Биографиялар | Тынаев Осмонкул

(1904, Күнгөй Ак-Суу болушу, азыркы Ысык-Көл району Темир айылы -1937, Бишкек) - Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1913—16-жылы Сазановка орус-кыргыз башталгыч мектебинде окуган. 1916-жылкы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качкан. 1919—22-жылы 1-баскычтагы мектептин окуучусу, «Кошчу» союзунун уезддик комитетинин иш жүргүзүүчүсү. 1922-23-жылы Комсомолдун Каракол уездкомунда жооптуу кызматтарда иштеген. 1923—27-жылы Москвада Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуган.

1927—29-жылы ВКП(б) Кыробкомдун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, партиянын Нарын райкомунун жооптуу катчысы, партиянын Кыробкомунун айыл жерлеринде иш жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан борбору Аткаруу комитетинин алдындагы Жер-Суу талаш-тартышы боюнча Жогорку көзөмөл коллегиясынын төрагасы. 1930—31-жылы партиянын Ош округдук комитетинин жооптуу катчысы, Жалал-Абад райкомунун жооптуу катчысы. 1931-жылы партиянын Кыробкомунун 2-пленумунда сталинче коллективденггирүүгө каршы чыгып сүйлөгөн, ошондуктан ал «оңчул» деп күнөөлөнүп, анын жол-жобосу Кырг-нда «тынаевщина» аталган. 1931—33-жылы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинин аспиранты, 1933—37-жылы Кыргыз АССР агартуу эл комиссарынын орун басары, партиянын Каракол райкомунун жооптуу катчысы. Ак жеринен репрессияланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 436, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу