Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тынаев Мамбет

Баш барак | Биографиялар | Тынаев Мамбет

Тынаев Мамбет(1909, Тоң району, Темир-Канат айылы -1975, Жети-Өгүз району, Оргочор айылы) - малчы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1975). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1975). Эмгек жолун 1925-жылы баиггаган. 1931-жылдан Жети-Өгүз районундагы Оргочор кой чарба тажрыйба ст-нда баш чабан болуп иштеген. Кыргызстандын шартында жаш төл өстүрүүдө, ага төшөлгө катары кой кыгын алгач пайдаланып, кышкы туутту киргизип, жалпы малчыларга тараткан. Ал чабан болуп иштеген мезгилде 29 миң козу алып (4500 асыл тукум), анын ар биринин орточо тирүү салмагын 29,5 кгга жеткирип өткөргөн. Ар бир койдон 3,5—6,4 кгга.

чейин жүн кыркып алган. Кыргыз уяң жүндүү коюн чыгарууга катышкан. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Анын уулдары - Жамаке, Жакшылык, Токтогул, кызы Алмагүл, ошондой эле аялы Зуура көп жыл бою өзүнчө короо кой алып, баш чабан болуп иштеп, «Тынаевдердин династиясын» түзгөн. Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын бир көчөсү Тынаевдин ысымында.

Совхоздо Тынаев атындагы сыйлык белгиленген.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1014, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо