Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түймөч кылуу

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Түймөч кылуу
"Түймөч кылуу" Күз башынан ойдогудай семиртилген малды союп, этин чыпчыргасын коротпой, кардына шыкай салып, (кичине туз кошуп), муздак жайга тоңдуруп коюп, жазда, үзүмчүлүктө (узун сарыда) ачып, тамак кылып оокаттануу.

Ошондо койбу, эчкиби, уйбу, сөөгүн шылып алганда сулп эти өзүнүн карынына баткан. Жазда Кызыл болуп, өтө сонун сүрсүп, жешке ширелүү болуп калган. "Түймөч кылуу" - этти майдалап туурап, тузду өткөрө татытып, кууруп алуу; куурулган майда этти кесме аралаштыра чала кууруп, карынга ж. б. идиштерге салып алуу. (Бул ичкилик, анжияндык кыргыздарга мүнөздүү болгон). Булар "аш катык" деп аталат. Албетте, мындай эт азыктары талаа-түздө жүргөн, жоокерчилик кылган кыргыздар үчүн жарым күл азыктык милдет аткарган. "Түймөч кылуу" деген сөз ушундан улам пайда болгон.
Жайгаштыруу: 2017-08-24, Көрүүлөр: 539, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо