Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тууганбай Абдиев

Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев (1937–2009) Токтогул районунун Ничке-Сай кыштагында 1937-жылы 3-майда туулган.

1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө,

1956–1961-жж. Жалал-Абаддагы облустук драма театрында, 1961-жылдын март айынан өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында артист болуп эмгектенген.

Алгач устаты Коргоолдон комуздун коштоосунда ырдоону, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды айтууну үйрөнгөн.

Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу залкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.

Чет мамлекеттерде чыгармачылык гастролдо болуп, кыргыз искусствосун даңазалаган.

1993-жылы «Ак таңдай–93», 1995-жылы «Манас–1000» эл аралык акындар айтыштарынын жеңүүчүсү болгон,

Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген.

1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А. Чекиров, Ө. Калыева.

"Курманбек" дастаны Т. Абдиевдин аткаруусунда (Кыргыз элинин эпикалык мурасынын антологиясы)

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)