Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турусбеков Бейшен

Баш барак | Биографиялар | Турусбеков Бейшен

Турусбеков Бейшен(1928-жылы туулган, Түп району, Талды-Суу айылы) - физиолог, медициналык илимдеринин доктору (1966), профессор (1967). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). 1952-жылы КММИни бүтүргөн. 1955—58-жылы КММИнин нормалдуу физиология кафедрасынын ассистенти, жалпы гигиена кафедрасынын доценти, 1958—65-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Крайлык медициналык институтунда бийик тоо физиология лабораториясына башчы; 1965—73-жылы Кыргызстан курортология жана физиотерапия илимий изилдөө институтунун директору. 1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунун ректору, 1985-жылдан ошол эле институтта кафедра башчысы; профессор.

Т. 185 илимий (анын ичинде 6 монография), 52 ил.-популярдык эмгектин автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын бийик тоолуу шартында адаптациянын формасы менен механизмине, спортко машыккан балдардын организминин физиологиялык жактан өсүшүн, ишке жөндөмдүүлүгүн жана функциялык өзгөчөлүгүн изилдөөгө арналган. Ал бийик тоолуу жерде жашаган балдардын вегатив жана соматикалык өсүү нормативин аныктаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 952, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу