Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Турук көмүр кени

Турук көмүр кени Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Баетов кыштагынан 50 км түштүктө, Жамандаван тоосунун кырында, Турук суусунун башатында, деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте. Кен 1951-ж. ачылган. 1994–96-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүрлүү юра катмарында 2 кабат бөлүнгөн. Көмүр кабаттары тереңдикте изилденбегендиктен өз алдынча эки кабат экендигин же бир кабаттын синклиналдык бүктөлүүсүнүн эки капталындагы кабат экендигин тактык менен айтуу кыйын. Биринчи кабаттын калыңдыгы 3,5 мден 11,0 мге чейин өзгөрөт, 2-кабаттын калыңдыгы болжол менен 10 м. Көмүрдүн сапаты болгону 2 сынамык менен изилденген. Көмүрдүн күлдүүлүгү 5,72%тен 14,65%ке чейин өзгөрөт, күйүү жылуулугу 28,23 МДж/кг (6744 ккал/кг) – 29,29 МДж/кг (6997 ккал/кг). Кендин запасы С2 категориясы боюнча 328 миң т, болжол ресурсу 776 миң т. Бекитилген запасы С2 категориясы боюнча 56 миң т (1994-ж).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)