Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турсунова Сабира

Баш барак | Биографиялар | Турсунова Сабира

Турсунова Сабира (Телтаева; Исабек кызы) Сабира (1908, Ак-Өлөң айылы, азыркы Тоң району -1970, Бишкек ш.) - Кырг-нда Кеңеш бийлигин чыңдоого активдүү катышкандардан. 1930-жылдан КПССтин мүчөлүгүнө кандидат, 1940-жылдан КПСС мүчөсү, 1918—24-жылы Түптөгү жетим балдар үйүндө тарбияланып, билим алган (к. Телтаев К.). 1925-29-жылы Күн чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин (КЭКУ) бүткөн. 1925-жылы ВКП(б)нын 14-курултайында кырг-ндык эмгекчи аялдардын атынан куттуктоо сөз сүйлөгөн. 1929-жылы КЭКУну бүтүргөндөн кийин партиянын Кыргыз обкомунда жумушчу жана дыйкан аялдар бөлүмүндө иштейт. 1929-жылы Кыргызстан борбору Аткаруу комитетине мүңөлүккө шайланган. Кызыл-Кыяда аялдар советин, Суусамырда жаштар уюмун, жайлоо советтерин уюштурган. 1929—30-жылы Ташкенде Орто Азия Коммунисттик университетинде, 1931-жылы анын аспирантурасында окуган. Кыргыз обкому Т-ны аспирантурадан чакыртып келгенден кийин ал Республиканын аялдар бөлүмүнүн ишине активдүү катышкан. 1932-жылы ВКП(б) БК Орто Азия бюросунун аялдар бөлүмүнүн инструктору болгон. 1933—35-жылы Бишкектеги Жогорку коммунисттик айыл чарба мектебинде окутуучу.

1934-жылы «буржуазиячыл улутчул Абдрахманов менен байланыпгга» деген жалаа менен партиянын кандидаттыгынан чыгарылат. Ал партиянын кандидаттыгынын катарынан 2 жолу чыгарылып, кайра 2 жолу калыбына келтирилип, акыры 1940-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат. Кийин Чоң-Алай, Ысык-Көл, Тоң, Тогуз-Торо р-ндорунда мектептин директору, мугалим, аялдар советинин төрагасы, Каракол педагогикалык окуу жайында, мугалимдер институтунда (марксизим-ленинизм негиздеринен лекция окуган) иштеген. 1951—52-жылы Каракол шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

1952—68-жылы Мургаб (Тажикстан), Алайкуу, ТяньШань р-ндорундагы мектептерде мугалим болуп иштеген. 1968-жылы персоналдык пенсияга чыккан.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 599, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо