Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Турдуева Азиза Сүйүнбаевна

Азиза Сүйүнбаевна Турдуева (орус тилинде: Азиза Суюмбаевна Турдуева, англисче: Aziza Turdueva, 30.5.1971-ж.) – кыргыздын белгилүү этнограф тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу, дипломат, коомдук ишмер.

Азиза Сүйүнбаевна Турдуева 1971-жылдын 30-майында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында туулган. Атасы – Сүйүнбай Турдуев, энеси – Базаргүл Эшмурзаева.

1988-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы № 1 орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.

1988-93-жылдары Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетинде окуган.

1993-жылы А. Турдуева Тарых факультетин артыкчылык менен аяктаган.

1993-96-жылдары КМУнун аспирантура бөлүмүндө окуган. Ушул эле жылдары КУУнун Мамлекеттик башкаруу жана укук факультетинде "Мамлекеттик башкаруу жана укук" адистиги боюнча кошумча окуп, ЖОЖдун экинчи адистигин кызыл диплом менен аяктаган.

1990-жылдардын башында кыргыз окумуштууларынан алгачкылардан болуп, бир нече жолу Кытайга илимий сапарга чыгып, Синьцзянь аймагындагы кыргыздардын тарыхы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 1950-1990-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү тарыхы жана Чыгыш Теңир-Тоо калктарынын этнографиясы боюнча иликтөөлөр жүргүздү.

1993-1996-жж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Айыл чарба Академиясында Политология кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

А, Турдуева 1997-жылы кытайлык кыргыздардын тарыхы, асыресе, Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 1950-1990-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1996-жылдан 2006-жылга чейин, А. Турдуева "Азаттык" үналгысында (Эркин Европа / Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматында) Бишкектеги бөлүмүндө жана Прага (Чех Республикасы) шаарындагы баш кеңсесинде иштеген.

1997-1999-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана Политология кафедрасында окутуучу болуп иштеген. Анын ичинде 1998-99-жылдары университеттин Илимий бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2000-2001-жылдары БУУнун Өнүгүү программасынын Дүйнөлүк экологиялык фондунун программасынын иш-аракетин жүзөгө ашыруу боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү болуп иштеген.

2000-2005-жылдары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR, Улуу Британия) менен тыгыз кызматташып, анын аналитикалык макалалары англис жана орус тилдеринде жарыяланып турду.

2006-жылдан тартып мамлекеттик кызматка өттү.

2006-жылы Азиза Турдуева Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат башкармалыгын жетектеди.

2007-2008-жж. Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеди.

2009-ж. Тышкы ишетр министрлигинин Маалымат башкармалыгынын жетекчиси, министрликтин расмий өкүлү кызматын өтөдү.

2010- 2014-жж. Азиза Турдуева Кыргызстандын Орусия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугун жетектеген. Консулдук округ Новосибирск, Иркутск, Омск, Томск облустарын, Красноярск, Алтай крайларын, Алтай Республикасын, Бурятия Республикасын, Хакасия Республикасын, Тыва Республикасын жана Орусиянын Сибирь округундагы башка субъекттерин камтыйт.

Учурда Бишкек шаарында эмгектенет.

Азиза Турдуева Кытайдагы кыргыздардын тарыхы жана этнографиясы, КЭРдеги кыргыз дастанчылары жана манасчылары, ошондой эле Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын 1950-1990-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү тарыхы тууралуу бай маалымат топтогон окумуштуу.

Анын эмгектери Кыргызстанда, Кытайда, Орусияда, Казакстанда кыргыз, орус жана кытай тилдеринде жарык көргөн.

Үй-бүлөлүү.

Үч баласы бар (Медербек, Элиза жана Бекжан).

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон (1989-95).

"Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү (2012-жылдан).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)