Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Турдаков Фёдор Алексеевич

Турдаков Фёдор Алексеевич (1899, Мордва АССРи — 1968, Бишкек) — зоолог, биология илимдеринин доктору (1948), профессор (1950), Кыргызстан ИАнын корреспондент мүчөсү (1964).
Кыргыз педагогикалык институтунда (1951-жылдан КМУ) зоология кафедрасын жетектеген.
СССР ИАнын кыргыз филиалында (1954-жылдан Кыргыз ССР ИАсы) ихтиология жана гидробиология лабораториясын түзүүнүн демилгечиси. Өмүрүнүн акырына чейин ал лабораторияны жетектеген.
1938-ж. жана 1942-ж. Турдаковдун жетекчилиги менен Нарын дарыясынын баш жагына, 1948— 50-ж. Ысык-Көлдүн алабына экспедициялар уюштурулган.
Турдаков 80ге жакын илимий эмгектин автору, алар жаныбарлардын систематикасына, эмбриологиясына, экологиясына, зоогеографияга, көбүнчө Кыргызстандын балыктарынын түрдүү составын аныктоого арналган. Ысык-Көлдө балык чарба промыселин реконструкциялоо, ошондой эле көлмө балыкчылыгын уюштуруу боюнча изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)