Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турак жай

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Турак жай

Адам кайда гана жашабасын мейли ысык өлкөлөрдө же уюл тегерегинин ары жагында, мейли деңиз жээгинде же бийик тоодо болсун сууктан, ысыктан, шамалдан, жаандан сактануу үчүн ага турак жай керек. Ошондуктан адамдар бардык убакта табияттын шарттарына ылайыкташып, алына жараша үй салып келишкен. Бардыгын кар менен муз каптап жаткан четки түндүктөгү эскимостор өздөрүнүн иглу деп аталган турак жайын кардан жасалган кыштан курушуп, терезелерин дарыя музунун сыныктарынан коюшкан. Жылуу болсун үчүн иглунун ичине жалпак табакка куюлган тюлендин майынан күйгүзүп чырак шам, жерге жана үйдүн керегелерине аң терилерин жаап-төшөп капташкан. Токойдо жашагандарга турак жай салуу оңой болгон, алар үйлөрүн жоон устундардан кынап салып жылчык тешиктерин мамык чөп жана кендир менен тыгындап бүтөшкөн, мындай үйлөр сууктан да, жырткыч айбандардан да ишенимдүү коргогон. Ал эми токою аз талааларда үйлөрдү ылайдан же баткакка саман кошуп кургатылып жасалган кыштан салышкан.

Көп элдер аң уулоого ылайыктуу, малга жайыт жер издеп көчүп жүрүшкөн. Аларга көчүп-конууда жеңил жүктөп, тез тигүүгө ыңгайлуу турак жай керек болгон. Чукчалар яранга деп аталган тегерек көчмө үйүн, ненецтер чум деген алачыгын ууктарына бугунун терисин кере жаап тигишкен. Чукчалар менен немецтер бугу багышат эмеспи. Кыргыздар, казактар жана моңголдор илгертен эле кой багышкан, алар ичке жыгачтан жасалган уук, керегелерге койдун жүнүнөн жасалган кийиз жаап, боз үй тигишкен.

Токойдо жашаган түндүк америкалык индейлер - алгонкиндер дарактын ийилчээк сөңгөгүн жерге сайып, алардын учтарын бириктирип байлап, үстүн камыш же дарактын бутак-шак, кабыктары менен жаап, вигвам жасашкан. Ал эми прерияларда анчылык кылышкан сиу индейлери болсо, ненецтердин чумуна окшош, бирок бизондун териси менен жабылган типи деп аталган чукчугуй алачыкта жашаган. Түркүк мамылардын үстүнө салынган үйлөрдө жаңы гвинеялык папуастар жана башка климаты ысык өлкөлөрдүн элдери жашайт. Пальманын жалбырактары менен жабылып, бамбуктан салынган кепелер жерден өтө бийик турат, ошондуктан суу ташкыны да, жырткыч айбандар да коркунучсуз, кыштакка душман да капыстан эле келе албайт. Япон дыйканы үйдү бамбук, кагаз жана чийден өзүнүн жардылыгынан гана салбайт. Мындай турак жай Японияда тез-тез болуп туруучу жер титирөөлөрдө коопсуз болот. Эл көп жашаган Түштүк-Чыгыш Азияда үй куруу үчүн жер жетишпейт, ошондуктан адамдар жонка деп аталган кайыктарда да үй-бүлөсү менен жашайт, балык кармоо үчүн алыскы деңизге бүт баары - карылары да, жаш балдары да сүзүп барышат. Бирок мындай турак жайлар анча ишенимдүү эмес. Нөшөрлөгөн жамгыр, бороондор, жер титирөөлөр көпчүлүк убакта аларды бузуп кыйратып кеткен.

Таштан жасалган курулуштар гана өтө узакка сактала тургандыгы белгилүү болду. Мындан миңдеген жылдар мурун курулган үйлөр жана храмдар биздин күндөргө чейин сакталып калган. Бирок таштан үй салуу абдан кымбатка түшкөн, себеби ташты курулушка ылайыктап даярдоо өтө кыйын болгон. Ошондуктан муруңку мезгилде таш чыгаруучу жерлерде сүргүнгө айдалгандарды жана кулдарды иштетишкени бекеринен эмес. Андан кийин адамдар ташты алмаштыра турган материалды издей баштаган.

Адегенде алар чопо кыштарды бышырууну үйрөнүшүп, андан кийин бетон - биздин мезгилде абдан кеңири тараган курулуш материалы пайда болду. Эми бекем пайдубалга салынган бышык дубалдуу, жакшы чатырлуу үй жаан-чачын жана сууктан абдан ишенимдүү сактайт, ал эми темир-бетондон салынган үйлөр жер титирөөгө жакшы туруштук берет. Мындай үйлөрдө жашагандар суу алуу үчүн дарыяга же кудукка барууга муктаж эмес - үйдө суу түтүгү бар: меш жагуунун да зарылдыгы жок - газы жана борбордук жылытуу системасы болот: үйдү жарык кылуу үчүн керосин сатып албайсың - электр энергиясы менен жарык кылынат. Адамдар азыр мурун чөл болгон жерге кооз шаарларды куруп, айыл-кыштактарда чоң жана ыңгайлуу үйлөрдү салышууда. Антарктиданын муз мейкиндиктеринде, ал гана эмес деңиздин түбүнө да үй курууга мүмкүндүк түзүлдү.

Сайтка жарнама жайгаштыруу