Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тропик токою

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тропик токою

Жер шарынын эң ысык алкагы тропик деп аталат. Ал экватордо жайгашкан. Жаратылыш тропикте табигый оранжереяны түзүп берген: бул жерде жылуулук туруктуу жана бир калыпта болуп, жаан-чачын көп жаайт. Мында өсүмдүктөр дүйнөсү да таң каларлык. Токою абдан калың өсөт, аны аралап өтүү кыйын, ал эми кээ бир жерлеринен өтүүгө да мүмкүн эмес. Дарак көк тиреп бийик өсүп, тегерегине коюу көлөкө түшүрөт.

Бул түбөлүк жашыл дүйнө: мында түбөлүк жай өкүм сүрөт. Тропик зоналарынын өсүмдүктөрү укмуштуудай ар түрдүү. Токойдо өсүмдүктөр кабат-кабат болуп өсөт. Кээ бир дарактар 60 метрге чейин жетет - бул жыйырма кабат үйдүн бийиктигине барабар. Дарактардын тери сыяктуу кабыгы бар, жалбырактары тыгыз жана чоң. Алар ошол тропиктерден алынып келген, үйгө өстүрүлүүчү фикустун жалбырагына окшош. Жалбырактардын тери сыяктуу кабыгы күндүн ысыгында аны күйүп кетүүдөн сактайт. Тропик токойлоруна мүнөздүү өсүмдүк - лиана.

Ал дарактарга чырмала өйдө, жарыкка карай умтулуп, өтө бийик өсөт. Дарактын бутактарынан салаңдап, дарактан даракка оролуп чубалжып өсөт, көпчүлүгүнүн узундугу 100 метрден да ашат. Тропиктерде палъмалар да көп. Алар ар түрдүү формада болот: кээ бири бийик, чоң дарак түрүндө болсо, кээ бири кичинекей бадалча түрүндө өсөт. Ал тургай пальма-лианалар да бар. Бийик өскөн пальмалардын жылма, баш-аягы бирдей жоондуктагы сөңгөгү болот. Айрым жапыз өскөн пальмалардын сөңгөгү таптакыр болбойт, алардын жалбырактарынын таажысын гана өсүп чыгат.

Жарыкка жакын болуш үчүн көп өсүмдүктөр жерге эмес, дарактардын сөңгөк жана бутактарынан орун алышат. Алардын ичинде эң көркөмдүүсү - чоң, ачык түстөгү көпөлөккө окшош орхидея (арала гүлү).Тропиктерде банан, бамбук, жыгачка окшош папоротниктер, орхидеялар жана башка өсүмдүктөр өсөт. Адам үчүн пайдалуу мындай көп сандагы өсүмдүктөр дүйнөнүн башка жеринде өспөйт. Тропик токою банан, нан жана коон дарактарынын жемиштерин, хинин, манго, сандал, кызыл жана кара дарак, каучук, лак, кокос жаңгагы, саго жана кант берет. Курт-кумурскалар тропиктерде абдан көп. Баарынан көбү - чоңдугу 20 см келген ачык түстөгү көпөлөктөр. Бул жердеги жөргөмүштөр да чоң жана түркүн түстө болот. Кооздугу жана чоңдугу ар кандай болгон тоту куштар өздөрүнүн дарылдаган үндөрү менен токойду жаңыртып турат.

Тропиктерде колибри деген кичинекей канаттуу да жашайт. Алардын кээ бирлери жапайы аарыдай эле болот. Ал жактагы маймылдардын көптүгүн айтпа - чоң горилладан баштап, боюнун бийиктиги 15 см келген кичинекей уиститиге чейинки өтө эле ар түрдүүлөрү бар. Тропик токойлорунда жерде-сууда жашоочулар жана сойлоочулар - жылан, кескелдирик, бакалар да көп.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1236, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо