Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Транспорт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Транспорт

Биз шаарда үйгө, ишке баруу үчүн автобусту, троллейбусту, трамвайды, метрону пайдаланабыз: башка шаарларга баруу үчүн поездге, пароходго, самолётко түшөбүз. Ал эми канча жүктөр темир жол, автомобиль, аба, деңиз жана суу жолдору менен ташылат! Жүргүнчү жана жүк ташуучу транспорттун ар кыл түрлөрү - темир жол, автомобиль, аба, деңиз жана суу транспорттору бар. Газ жана суюктуктар үчүн өзгөчө - өткөргүч түтүктүү транспорт бар. Темир жол транспортунун мааниси абдан зор. Темир жол күндүр-түндүр иштейт: локомотивдер жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу поезддердин чубалжыган составдарын сүйрөп жүрүшөт. Жүргүнчүлөр поездинде 15-16дан, жүк ташыган поездде 50-60тан же андан да көп вагон болот. Биздин өлкөдө автомобиль жолу - шоссе жолдор курулган. Алар шаар жана айыл-кыштактарды, шаарчаларды бириктирет, өлкөбүздүн айыл чарба райондорун тейлейт. Жүк ташуучу автомобилдер жыйналган түшүмдү элеваторлорго жана кампаларга ташыйт, кыштактарга айыл чарба машиналарын жана жер семирткичтерди, курулуш материалдарын жана башка көп жүктөрдү жеткирет.

Жүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү жакынкы аралыкка, айрым учурда алыс жактарга шоссе жолдор аркылуу атайын чиркеме сүйрөгүчтөр менен ташылат. Автомобиль, автобустар жүргүнчүлөрдү ташыйт. Башка шаарга тез арада жетүү үчүн биз аба транспортун пайдаланабыз. Кыргызстандан Москвага чейин поезд менен бир нече күндө, ал эми самолёт менен бир нече саатта эле жетүүгө болот. Көптөгөн жүктөр - жыгач, нефть продуктулары, курулуш материалдары суу транспорту менен ташылат.

Комфорттуу теплоходдо дарыя аркылуу саякаттап, эс алуу чоң ыракат тартуулайт. Түтүк өткөргүчтөрү да транспорттун милдетин аткарып, нефть продуктуларын агызып ташуу, газ жеткирүү ишинде колдонулат. Түтүктөр аркылуу агызып ташуу аларды цистерналарга куюп, темир жол, автомобиль менен ташууга караганда арзан турат. Жүздөгөн чакырым аралыкка электр тогун өткөргөн электр линиялары да өтө маанилүү транспорт болуп эсептелет. Транспорттун туура жана так иштеши биздин турмушубуз жана эл чарбасы үчүн да чоң мааниге ээ.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6336, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо