Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Трактор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Трактор

Буудай, кара буудай, картошка, пахта жана жашылчадан мол түшүм алуу үчүн жерди айдап жумшартуу, ага үрөн себилип, көчөт, тигилгенден кийин жер семирткич чачып, отоо чөптөн арылтуу, зыянкечтерге, өсүмдүктүн ар түрдүү илдетине каршы күрөшүү керек. Түшүмдү убагында жыйнап алуу зарыл. Мурун адамдар мунун баарын адегенде кол менен, андан кийин күч унааларынын: өгүздүн, төө жана жылкынын жардамы менен иштешкен. Жылуулук кыймылдаткычы ойлонуп табылгандан кийин адамдар өздөрүнө жаңы, мурдагыдан да күчтүрөөк жардамчыларды машиналарды жасап алышты.19-кылымда темир ат - трактор пайда болду. Алгач аны аскер ишинде, жүк ташууда колдонушкан. Андан кийин ал айыл чарба шаймандарын жана машиналарын: жер айдаганда сокону, үрөн себүүдө сепкичти (орусчасы сеялка) сүйрөөдө пайдаланды. Тракторлор дөңгөлөктүү жана гусеницалуу болот.

Гусеницалуу тракторлор жазы келген тиштүү эки металл тасма аркылуу жүрөт. Гусеницалуу трактор бардык жерден оңой өтүп, ар кандай жолсуз жерде коркунучсуз жүрө алат. Трактор жалаң гана башка машинаны сүйрөп же түртпөстөн, өзүнүн кыймылдаткычы менен башка машинаны, мисалы чөп же эгин чапкычты да кыймылга келтирет. Трактордун кыймылдаткычы менен ага чиркелген кыймылсыз машиналарды: майдалагычты, суу насосун иштетүүгө болот. Т-130 айыл чарба трактору 6 тоннаны сүйрөй алат.

Ал гусеницалуу, аны арык, жер казгыч катары пайдаланса болот, ал бир эле жолу жүрүп өткөндө туурасы 3.5 метр тереңдиги 20 см тилкени айдайт. Дөңгөлөктүү тракторлордун эң күчтүүсү — Кировец К-701. Анын сүйрөө күчү - 5 тонна. Чакан участоктордо жана огороддордо 600 килограмга чейин сүйрөй ала турган дөңгөлөктүү тракторлор иштейт. Ошондой эле өсүмдүктүн катар аралыгын ага зыян келтирбей иштете турган дөңгөлөктүү жана гусеницалуу тракторлор да чыгарып жатат. Мисалы, кызылча, пахтанын катар аралыгын иштетүүчү тракторлор. Жантайыңкы жерде, токой жана саздуу участоктордо иштөөчү (алардын таманы жазы жана узун болот), дагы башка тракторлор да бар. Трактор - айыл чарбасында өнөр жайда, жол курууда жана каналдарды казууда жана эл чарбасынын башка тармактарында өтө көп пайдалануучу машина. Трактор-чана поезддерин сүйрөөчү тракторлор Арктика менен Антарктида да колдонулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 885, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо