Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тотемдик мифтер

Баш барак | Адабият | Тотемдик мифтер
Жаратылыштагы заттар менен заттар ортосунда, инсанат менен башка жандуулар ортосунда кандайдыр бир тектик, уруктук байланыш бар деген ишеним, же бир заттын, жандардын тукум уругунун ээеи, калкалоочусу болот деген ишеним боюнча наристе элестетилип айтылган мифтик баяндар (аңыздар) "тотемдик мифтер" деп аталат.

Кыргыз мифтеринде "тотемдик мифтер" өзүнчө бир зор топту түзөт. Бул түрдөгү мифтик баяндар инсанаттын жана ар кайсы уруулардын чыгыш теги тууралуу жана айбандардын, заттардын урук-тукумунун колдоочусу, пири, ээси, айтор баштапкы урук ээси жөнүндө наристе элестетип түшүндүрүүгө умтулган баяндар эсептелет. Кыргыздын тотемдик (урук-тукумдук аңыздары) мифтери мазмун жагынан эки топко бөлүнөт.
Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 1542, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо