Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тоос (Павлин)

Бул укмуштуудай кооз куштун мышыктын куйругун басып алганда чыккандай ачуу жана жагымсыз үнү бар экендиги ойго да келбегендей иш. Табигат өзүнүн белектерин үнөмдөп тартуулайт окшойт. Кичинекей бозомук булбулдун үнү абдан мукам, адамды кубантат. Булбулдун сайраганы да, тоостун кооз көркү да - өздөрүнүн курбуларына жагуунун, атаандаштарын жеңүүнүн каражаты. Көп куштардын ургаачысынын түсү жупуну болот, алар уя басып отурганда көзгө урунуунун эч деле кереги жок. Ал эми эркектери болсо уя салуу мезгили келгенде кооз нике кийимдерин кийишет. Кээде алар чатакташууга чейин барышат! Бул салгылашуулар кандай көркөм, алар бийге окшойт! Каралыгы каргадай, кашынын үстү кызыл, куйругунун асты аппак кооз каракур токойдо таң алды менен өзүнүн курбусуна үн салат, мүмкүн тоос өз курбусуна кандай кооз көрүнсө бул дагы өз мекиянына андан кем эмес сымбаттуу көрүнөр. Айткандай, павлиндер (ургаачы тоостор) ургаачы кара курлар сыяктуу эле бозомтук, анча байкалбайт. Тоосту бекеринен жандуу күн желедей деп аташпайт.

Үйүгүшүү мезгилинде узундугу 130 см болгон зор куйругун желпигичтей кылып ачып жиберет. Чынында бул анын куйрук үстүндөгү канаты, куйруктун өзү кичинекей, бар болгону 40-45 см болот. Суйсала кулпуруп, сандаган шакекчелер менен кооздолгон канаттары көздүн жоосун алат, алтын түстүү сары калканчы күйүп тургансыйт, башында алтын таажы дилдирейт. Тоос өзүн текебер кармап, тим эле күзгүгө каранып тургандай бурулуп: «Мына, менин көркүмдү көргүлө!» - дегенсийт. Тоостун кулпурган жасалгасынын түркүн түсүн сөз менен сүрөттөө кыйын. Бул жерде бир жашырын сыр бар, керемет көрүнүштү канаттарынын боёгу эмес, анын канаттарындагы абдан ичке түк сакалчалары берет. Тоостун канаттарындагы майда сакалчалар андан да майда сакалчалар менен капталган, бардыгы биригип, тоостун атагын чыгарган куйрук жагындагы кооздукту түзөт. Тоостун асем жасалгасы байыртан эле адамдарды кызыктырып келген.

Тоостордун өз мекени - Индиядан, Индостан жарым аралынан, түштүк жактагы деңиздердегй аралдардан алып келишип, кооздук үчүн багышкан, Албетте, анчалык деле көркү жок ургаачыларын да ала келишкен, антпесе алардын балапандарын ким басып чыгарат эле? Ургаачы тоос 5-6 жумуртка тууп, аны өтө камкордук жана тыкандык менен сактап, уясынан дээрлик чыкпайт, эч нерсе ичпей-жебей коргойт. Индияда тоосторду азыр да жарым-жартылай үй жаныбары катары кармашат. Тоостор көбүнчө чөп менен азыктанат, ошондой эле курт-кумурска, моллюска жана кескелдириктерди да жейт. Биз зоопаркта көрүп жүргөн кадимки тоостон башка көк канаттуу тоос да болот. Алардын мекени Азия жана Африка. Жапайы тоостор калың бадал арасында, токою кыйылган жерде, дарыялардын жээгинде жашайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)