Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тоңкулдак

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тоңкулдак

Мүмкүн, тоңкулдакты көргөн чыгаарсыңар. Көрбөсөңөр да аны уккандырсыңар: тоңкулдактын тоңкулдатканы дээрлик бардык токойлордон угулат. Анын үнү анча деле жагымдуу эмес, ошентсе да табиятты сүйгөн ар бир адамды кубандырат. Ананчы, тоңкулдактын тоңкулдатканы - демек, зыяндуу курт-кумурскалардын бүлгүнгө учурап жатканы. Дарак болсо өсүшүн андан ары улантат. Дарак өспөй куурап калганда да, зыяндуу курт-кумурскалар башка дарактарга өтпөйт. Тоңкулдакты бекеринен токой дарыгери дешпейт. Ал эртеден кечке чейин иштей берет: дарактын сөңгөгүнө чалгыны жакшы өөрчүгөн куйругу менен таканчыктай, күчтүү эки манжасы менен жабышып алып көзөөч сыяктуу учтуу, күчтүү тумшугу менен бак-даракты тоңкулдатып койгулай баштайт.

Андан кийин узун жана күчтүү, жылма тили менен оюлган тешиктен курт-кумурскаларды терип жейт. Токойлордон кара тоңкулдак, жашыл тоңкулдак, үч манжалуу, чоң, кичине жана орто чаар-ала тоңкулдактар кездешет. Көп кездеше турганы - чоң чаарала тоңкулдак. Бардык тоңкулдактар дарак көңдөйлөрүнө уя салат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 682, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу