Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Тоң району

Тоң районуТоң району - облустун батыш бөлүгүндөгү администрациялык район. 1936-жылы уюшулган (1963-жылы Жети-Өгүз районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн). Түндүк-батышынан Кемин, батышынан Кочкор, түштүк-батышынан Тянь-Шань, чыгышынан, түштүк-чыгышынан Жети-Өгүз райондору менен чектешет, түндүгүнөн Ысык-Көл чулгайт. Аянты 7,1 миң чарчы/чакырым. Калкы 52,2 миң (1993). 7 айыл кеңеши, 1 шаарча кеңеши, 30 айыл, 1 шаарча бар. борбору - Бөкөнбаев айылы (калкы 12143).Табияты.Райондун аймагын Тескей Ала-Тоо экиге бөлөт.

Түндүгү өрөөндүү келип, бардык айдоо аянты жайгашкан. Түштүк жагы - сырт; малга жайыт катары пайдаланылат. Жеринин бети жээк (мында Кызыл-Тоо, Кара-Сай, Боз-Чап, Чуңкурчак, Тастар-Ата, Тегерек, Дувана тоолору жана Коңур-Өлөң - Ала-Баш, Жер-Үй, Бар-Булак, Кажы-Саз өрөөндөрү жатат), тоо (Тескей Ала-Тоо жана анын түндүк тармактары) жана Сырт (Тескей Ала-Тоодон түштүктү карай) болуп бөлүнөт. Чаптуу рельеф да мүнөздүү. Кен байлыктары: көмүр (Сөгөтту көмур кени), курулуш материалдары, арашан булактар (Тоң минералдуу суусу). Климаты мелүүн континенттик, январдын орточо температурасы —5... —10°С, июлдуку 15—18°С, Сыртта январдыкы -15...20°С, июлдуку 5°С. Жылдык жаан-чачыны 200—300 мм, Сыртта 500 ммге чейин. Суулары: Тоң, Ак-Сай, Ак-Терек, Туура-Суу, Сыртта - Балгарт (куймалары - Жылуу-Суу, Буркан, Кызыл-Суу, Айкөл, Арчалы жана башкалар). Топурагы менен өсүмдүгү бийиктик боюнча өзгөрөт. Деңиз деңгээл 1609—1705 м бийиктикке көл кылаасындагы жарым чөлдүү талаа, андан жогору талаа (1700—1800 м), тоо этектериндеги адырлуу талаа (1800—2000 м), токой (2100-2900 м; райондун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталы), субальп, альп (2900—3800 м) жана гляциалдык-нивалдык (3600—4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.

Райондун аймагынын бардык жеринде карышкыр, түлкү, суур кездешет. Ысык-Көлдө суучул куштардан куу, ак кытан, жапайы өрдөк жана башкалар кыштайт, ошондой эле каңылтыр, чабак, көк чаар, жилингир жана башкалар бар. Райондун аймагында Ысык-Көл мамлекеттик коругунун чоң бөлүгү жайгашкан. Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,4%, 1989-жылдагы эл каттоо боюнча), орус, өзбек, дуңган жана башкалар улуттар жашайт. 1993-жылы 1-январга райондо 52262 киши (анын ичинде аялы 26115, эркеги 26147) жашаган. Калктын көбү көл жакалай жайгашып, жыштыгы 1 чарчы/чакырымда 7,5 кишиге жетет. Бийик тоолуу жайыттарда, сырт зонасында калк өтө сейрек, ал эми жайыт жерлерде бирин-серин. Райондун эл чарбасынын негизин айыл чарбасы, көмүр өнөр жай жана электр-техникалык машина куруу түзөт. Негизги тармагы - уяң, чала уяң жүндүү кой чарбасы жана дыйканчылык. 1993-жылы 1-январга 7,3 миң бодо (анын ичинде 438 топоз, 1452 саан уй), 245,2 миң кой (тубары 115,9миң), 5,5 миң жылкы (1263 бээ) болгон.

1993-жылы район боюнча 1695 музоо (100 уйдан 72 музоо), 135412 козу (100 тубар койдон 86 козу), 929 кулун (ар бээден 60тан кулун) алынган. 2994 т эт (анын ичинде 168 т жылкы эти), 589 т сүт (39 т кымыз), 951 т жүн (ар койдон орточо 2,8 кг) өндүрүп, мамлекетке 2234 т эт, 359 т сүт, 719 т жүн (таза буласы), 536 т мөмө-жемиш сатылган (1993). Айыл чарбасынын дүң продуктусунун 25 пайызын дыйканчылык берет. Райондун айыл чарбага жарактуу жери 343,2 миң га, анын ичинде 23,1 миң ГАсы айдоо, 14,7 миң ГАсы тоют өсүмдүктөрү, 2,8 миң ГАсы чабынды, 316,9 миң ГАсы жайыт, 8,6 миң га дан эгиндери (251,3 миң ц же ар ГАдан 30,9 ц, түшүм алынган), 14,7 миң га тоют өсүмдүктөрү (1 жылдык чөптүн ар гасынан 23,6 ц, көп жылдык чөптүн ар ГАсынан 35,5 цден чөп жыйналган), 275 га картөшкө (11135 ц же ар бир ГАдан 40,5 ц картөшкө), 21 га жашылча (660 ц же ар бир гадан 31,7 ц жашылча) айдалган. Өнөр жай ишканаларынан Борбордук шахтасы, Кажы-Сай нан заводу, Кажы-Сай электр-тех., Ак-Сай тоң май чыгаруучу, Ак-Сай бетон, Тоң балык өстүрүү заводдору, райондук автотранспорт ишканалары иштейт. Транспорттун негизги түрү-автомобиль. Райондун аймагы аркылуу Бишкек - Балыкчы - Каракол (Ысык-Көлдүн түштүк жээги), Бишкек - Балыкчы - Нарын авто жолдору өтөт. Райондун түндүк-батыш бөлүгү аркылуу Бишкек - Балыкчы (50 чакырым) темир жол өтөт. Тоң өрөөнүнүн түндүк бөлүгү Сырт менен Кочкор жана Кара-Кужур өрөөндөрү аркылуу байланышат.

Тоң айлында пристань бар. Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. 1992/93-окуу жылында 29 жалпы билим берүүчү мектеп, 4 толук эмес орто, 1 кечки жумушчу жаштар (Кажы-Сайда 1, 1 жардамчы жатак мектеп (Кажы-Сай), 4 мектептен тышкары мекемелер (2 өспүрүмдөрдүн жана балдардын борбору, 2 балдардын спорттук мектеби) болгон. Жалпы билим берүүчү мектептерде 12 миңден ашык окуучу окуган. Район боюнча 1400дөн ашык (анын ичинде 1150 жогорку билимдүү, 195 орто билимдүү), мугалим эмгектенген. Мындан сырткары 1 кесиптик техникалык окуу жайы, 2 музыкалык мектеп болгон. 30 мектепке чейинки балдар мекемелеринде (анын ичинде азыркы убакта иштегени 13) 768 бала тарбияланып, 164 киши иштейт (анын ичинде 34 тарбиячы), алардын жогорку билимдүүсү 33, орто билимдүүсү 7, атайын орто билимдүүсү 12. 1993-жылы райондук борбору китепкана жана анын 25 бөлүмү, 27 клуб, райондук маданият үйү, 5 айылдык маданият үйү болгон.

Райондук «Эмгекчил» гезити чыгат. Райондук оорукана, 1 шаарчалык оорукана, райондук санитариялык эпидемиологиялык станциясы жана башкалар иштеген. Бар-Булак минералдуу суусунун базасында дарылоо мекемелери иштейт.Тоң районунун айылдары.Райондун борбору Бөкөнбаев айылы.Ак-ӨлөңКөк-Мойнок айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 90 чакырым батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 21 чакырым. Калкы 1547 (1993).

Орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар. Ак-Өлөңдө манасчы Саякбай Карала уулу туулган.Ак-СайКүн-Батыш айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 14 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 74 чакырым.

Калкы 1997 (1993). Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Ак-Терек (Кызыл-Туу)Ак-Терек айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 28 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 60 чакырым. Калкы 1201 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар.Ала-БашАк-Терек айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 60 чакырым чыгыш тарапта.

Балыкчы темир жол станциясынан 64 чакырым. Калкы 1079 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, медпункт бар.АрчалыКүн-Чыгыш айыл кеңешине караштуу айыл. Сыртта. Райондун борбору Бөкөнбаевден 270 чакырым түштүк тарапта, Арчалы суусунун боюнда. Калкы 548 (1993). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, медпункт, клуб бар.Бар-БулакАк-Терек айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда.

Райондун борбору Бөкөнбаевден 41 чакырым батышта, Балыкчы темир жол станциясынан 50 чакырым. Калкы 520 (1993). Орто мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Бүркүттүн оюКүн-Батыш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 8 чакырым батыш тарапүа. Балыкчы темир жол станциясынан 86 чакырым. Калкы 1757 (1993). Орто мектеп, балдар бакчасы, клуб, китепкана, амбулатория бар.Дөң-ТалааАк-Терек айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 44 чакырым түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 60 чакырым. Калкы 648 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Жер-ҮйКүн-Батыш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 21 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 89 чакырым. Калкы 603 (1993). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Кажы-СайТоң айылдык кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Бөкөнбаевден 33 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 133 чакырым. Калкы 519 (1993). Жатак орто мектеп, китепкана, медпункт бар.КалкагарАк-Терек айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 48 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 64 чакырым. Калкы 559 (1993).

Башталгыч мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар. Кара-Жал Төрт-Күл айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 3 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 88 чакырым. Калкы 1915 (1993). Орто мектеп, бала бакча, амбулатория, клуб, китепкана бар.КарагооАк-Терек айыл кеңешинин борбору. Райондун борбору Бөкөнбаевден 33 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 57 чакырым. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда. Калкы 3048 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, оорукана, төрөт үйү жана башкалар бар.Кара-Суу Төрт-Күл айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 4 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 89 чакырым.

Калкы 1162 (1993).Кара-ТалааУлакол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 63 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 23 чакырым. Калкы 1784 (1?93). Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайынын филиалы, бала бакча, оорукана, клуб, китепкана бар.Кара ШаарУлакол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 66 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 27 чакырым. Калкы 1784 (1993).

Сегиз жылдык мектеп, клуб, фельдшер-акушердих пункт бар.Коңур-ӨлөңКөлтөр айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 35 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы т. ж станциясынан 87 чакырым. Калкы 1385 (1993). Орто мектеп, балдар бакчасы, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб бар.Көк-Мойнок №1Көк-Мойнок айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевдин 101 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 11 чакырым. Калкы 763 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.Көк-Мойнок №2 (Байдамтал)Көк-Мойнок айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 115 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 25 чакырым. Калкы 366 (1993).

Сегиз жылдык мектеп, клуб, китепкана фельдшер-акушердик пункт бар.Көк СайКүн-Батыш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 19 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 87 чакырым. Калкы 544 (1993). Сегиз жылдык мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар. Көк Сайда кыргыз акыны жылы Турусбеков туулган.Көл-ТөрКөл-Төр айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 30 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 82 чакырым. Калкы 869 (1993).

Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар. Кызыл-Омпол Көк-Мойнок айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 93 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 21 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 490 (1993). Медпункт бар.ОттукУлакол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 70 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 22 чакырым. Калкы 1520 (1993). Орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.Темир-КанатТөрткүл айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Бөкөнбаевден 27 чакырым түштүк тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 112 чакырым. Калкы 1088 (1993). Орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар. Тогуз-Булак Көл-Төр айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 35 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 78 чакырым. Калкы 1795 (1993). Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, оорукана бар.ТоңТоң айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 7 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 110 чакырым. Калкы 1707 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, бала бакча, клуб, китепкана бар. Туура-Суу Төрткүл айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 8 чакырым түштүк-батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 88 чакырым. Калкы 797 (1993). Сегиз жылдык мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар.Туура-СууУлакол айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Бөкөнбаев айлынан 65 чакырым түштүкбатыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 40 чакырым. Калкы 606 (1993). Сегиз жылдык мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.Шор-БулакУлакол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Бөкөнбаевден 50 чакырым батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 45 чакырым. Калкы 915(1993). Орто мектеп, китепкана, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Тоң районунун ирригациялык курулмалары.1993-жылы райондо чарба аралык 7 сугат системасы, 10 ички чарбалар аралык сугат системасы болгон. Алар аркылуу райондун 25937 га жери сугарылат.

негизги сугат курулмаларына Төрткүл (ТуураСуу) суу сактагычы (2,1 миң га жерге суу берет), Ак-Сай (1559 га жерге суу жеткирет; Кызылгоо, Ак-Сай каналдары чыгарылган), Тоң (4063 га, Жон, Бор-Дөбө каналдары), Ак-Терек (3354 га; Чоң-Арык, Алагөз), Чүй (3298 га), Коңур-Өлөң (3454 га; Чоока, Көлтөр), Жер-Үй (2386 га Көк-Сай (1241 га) чарба аралык сугат системалары жана Кажы-Саз (1008 га жер сугарат), Корумду (266 г\г), Көл-Төр (289 га), ЧөңТөр (439 га), Четинди (324 га), Арчалы (713 га), Балгарт (820 га), Ай-Көл (56 га), Улакол (2194 га), Туура-Суу (452 га) ички чарбалар аралык сугат системалары кирет. Ирригациялык курулмалар райондук сугат тармактар башкармасына (Бөкөнбаев айылы, Сатар Осмоев көчөсү, 66) карайт. 1993-жылы 70 киши иштеген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)