Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тоо жалбырак же уйгактын пайдасы

Тоо жалбырак же уйгактын пайдасы
Тоо жалбырак бул жалбырагы чоң, өзөгү бийик эки жылдык өсүмдүк. Анын жалбырагында дарыдык кесиети бар заттар көп. Жалбырагын август айында жыйнашат. Элдик медицинада аны куяң (радикулит) ооорусун айыктыруу үчүн колдонушат.

Куяңды дарылоо үчүн төө жалбыракты үзүп алып, ошол эле замат 5—6 жалбыракты ооруган жерге кабаттап коюп, үстүнө кагаз жаап, жылуулап таңыш керек. Төө жалбырактын тамырын сууга кайнатып, заара, тер чыгара турган дары даярдашат, аны ошондой эле муун жана кызыл жүгүрүк ооруларына каршы да колдонушат. Ашказан жарасын, өнөкөт гастритти айыктырышат. Кант диабети менен ооругандарга да пайдалуу.

Кайнатып, тундурма даярдоо үчүн бир аш кашык төө жалбырактын тамырына 1 стакан кайнак суу куюп аралаштырат да, идиши менен кошо эмалданган идиште кайнап жаткан сууга салып 30 мүнөт ысытат. Андан кийин муздаган, даяр болгон дарыга бир аз кайнак суу кошуп 200 миллилитрге жеткирет. Ал салкын жерде 2 суткага чейин сакталат. Кант диабети менен ооругандар жана ички жарасы барлар күнүнө 2 — 3 жолу жылуу түрүндө жарым стакандан ичүү керек. Уйгактын пайдасы ушундай экен.

Жайгаштыруу: 2018-09-26, Көрүүлөр: 5572, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо