Too тектер

Бүткүл жер кыртышы тоо тектерден турат. Жээктеги таштар, мектептеги силер жазган бор, көмүр булардын баары тоо тектерге кирет. Руда деп аталган тоо тектерден ар түрдүү металл алынат. Бардык тоо тектер адам үчүн пайдалуу, ошондуктан алардан түрдүү кендер казылып алынат. Ал кендердин көбү биздин көзүбүзгө көрүнбөй жер алдында жатат, аларды казып алуу керек. Казып алуу үчүн алардын кайсы жерде жана кантип пайда болгонун, дегеле тоо тектер кантип жараларын билишибиз керек.

Силер, мүмкүн, кууш капчыгай аркылуу бууракандап аккан дарыяларды көргөн чыгарсыңар. Мындай дарыя суулары нугун жеп, майда таш, кум, топурактарды агызып келип деңизге куят. Деңиздин жээкке жакын түбүнө таш, андан ары кум, өтө терең жеринде топурактын майда бөлүкчөлөрү орун алат. Ошентип жылдан жылга, жүз миң жана миллион жылдар бою океан жана деңиздердин түбүндө зор калыңдыктагы чөгүндүлөр пайда болот. Убакыт өткөн сайын алар тыгыздалып кумдукка жана топурактуу сланецке - тоо тектерге айланат. Аларды чөкмө тоо тектери деп аташат, себеби алар көл, деңиз жана океандардын түбүнө чөгүүдөн пайда болгон.

Деңиз жана океандарда балыктар жашайт, түбүндө краб жана деңиз үлүлдөрү жылып жүрүшөт. Анда жашагандардын көбүнүн балыктардыкындай скелети же үлүлдүкүндөй чопкуту болот. Өлгөн жаныбарлардын скелет-чопкуту деңиздин түбүнө чөгөт. Миңдеген жана миллиондогон жылдар ичинде деңиз түбүндө сан жеткис скелет жана чопкут жыйылып, белгилүү убакыт өткөндөн кийин алардан да тоо тек - акиташ теги пайда болот. Кадимки жазып жүргөн бор - акиташ, ал эчак өлгөн жаныбарлардын чопкуттары менен скелеттеринин көптөгөн өтө майда сыныктарынан турат. Силер, албетте, жээгине токой өскөн майда көл жана саздарды көп жолу көргөндүрсүңөр. Дарактар куурап алардын көбү саздын түбүнө чөгүп, үстүн кум менен баткак жаап калат. Байыркы саздын жана көлдүн түбүндө калып, көп миллион жылдан бери жаткан дарактардан таш-көмүр пайда болот. Ал эми асем буюмдар жасалчу алтындай сары, тунук янтарь - байыркы ийне жалбырактуу дарактардын таштай катып калган чайыры.

Жердин тереңинде өтө жогорку температура жана чоң басым болот. Ал жактын ысыктыгынан таш эрип, оттуу суюктук - магмага айланат. Кайнаган магма жердеги терең жаракалар менен жогору көтөрүлүп, сыртка атырылып чыгат. Мындай учурларда жер үстүндө жанар тоонун атылуулары пайда болот. Жанар тоодон кызара ысыган таштар учуп, оттуу суюктук агып чыгат.

Жер үстүндө ал сууп катканда, алардан тоо тектер, мисалы, базальт пайда болот. Ал абдан бышык. Базальтты курулуш иштерине колдонушат. Аны кайрадан жогорку температурада эритип, өзгөчө бышык түтүктөрдү жасоого болот. Кызыган магма бардык убакта жер үстүнө жетпейт. Көпчүлүк учурларда ал жердин тереңинде катып, алардан габбро же гранит деп аталган тоо тектер пайда болот.

Оттуу суюктук - магма каткандан кийин пайда болгон тоо тектер магма тоо тектери деп аталат. Эгерде граниттин кичине сыныгына тигилип карасанар, ал бир нече минералдардан - тунук кварцтан, күңүрт талаа шпатынан, кабырчыктуу слюдадан турарын көрөсүңөр. Кыштан үй тургузган сыяктуу көп тоо тектер да ар түрдүү минералдардан турат. Жердин терең катмарларында граниттер менен бирге адамга эң керектүү пайдалуу кендер - ар түрдүү металл рудалары пайда болот. Рудалардын кээ бирөөнөн темир, башкасынан коргошун, үчүнчүсүнөн калай алынат. Табиятта суюк жана газ түрүндөгү тоо тектер да болот.

Алар - нефть жана табигый газ. Алардан баалуу продуктулар алынат. Тоотектер жөнүндөгү илимий иштерди жүргүзүп, аларды издөөнү жана чалгындоону геологдор жүргүзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)