Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Тонзиллит

Тонзиллит — бадам сымал бездин сезгениши. Тонзиллиттин катуу кармаган (Шилтеме: Ангина) жана өнөкөт түрү бар. Ангинанын көп кайталанышы, мурун бүтүп, мурун менен дем алуу бузулганда, кеңилжээрдин өнөкөт сезгениши, тиш оорулары (Шилтеме: Тиштин чириши) өнөкөт тонзиллитке алып келет. Сезгенүү негизинен бадам сымал бездин (тамак безинин) лакуналарын жабыркатат. Оорулуу шилекейин жута албай, кээде ооруганын сезет, тамагында бир нерсе тургандай болот. Денеси бир аз ысып (37,1—37,5°), көпкө кармалат, кээде жумалап, ал тургай айлап созулат. Мындай учурда адамдын алы кетип, шалдырайт, тамакка табити тартпайт, муундары, башы ооруйт.

Тонзиллитти врач дарылайт. Бадам сымал безинин лакуналарындагы ириңди дезинфекциялоочу эритме менен тазалап, йод-глицерин эритмесин сыйпайт. Физиотерапия процедуралары сунуш кылынат. Өнөкөт тонзиллит мезгил-мезгили менен кабылдап турат. Мындай кабылдоо жүрөк жана бөйрөктүн функциясын бузат, муунду оорутат. Аны алдын алуу үчүн бадам сымал безин операция жасап алып салуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)