Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Томсен Вильгельм Людвиг


Томсен Вильгельм Людвиг (1842–1927-ж. ж) – даниялык тилчи.

Даниялык атактуу түрколог окумуштуу Вильгельм Людвиг Томсен (даниялыкча ысымы - Vilhelm Ludwig Peter Thomsen) 1842-жылы 25-январда Копенгаген шаарында туулган.

Копенгаген университетинин профессору Дания Королдук илимдер коомунун президенти.

Анын илимий эмгектеринде финн-угор ж-а түрк тилдери, финн, герман жана балтика тилдеринин карым-катнашы изилденген.
Томсен Орхон – Енисей жазууларын окуп (1893), анын байыркы түрк жазуусу экендигин аныктаган.

1927-жылы 12-майда Копенгаген шаарында каза болгон.

Вильгельм Людвиг Томсендин ысымы Түркиянын ордо шаары Анкарадагы ири көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.

Томсендин элеси Копенгаген шаарынын чордонундагы устун эстеликте башка да үч ири даниялык тилчинин (Rasmus Rask, N. L. Westergaard, Karl Verner) бейнелери менен чогуу чагылдырылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)