Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тологон Касымбеков омур баяны

Тологон Касымбеков омур баяны"Тологон Касымбеков омур баяны" окуяларга бай, жигердүү эмгектерге толгон турмуш десек ашык болбос. Кыргызстандын Түштүгүнүн Аксы районун Кичи-Ак-Жол деген бир жер бар. Аты көрсөтүп тургандай эле, ал кипкичинекей, бирок ушунчалык бир ажайып чөлкөм. Анткени ал кичинекей аймакта табийгат тартуулаган сулуулуктун баарын өзүнө сиңирип алгандай жаңгак, алча, мисте, бадам, карагат, шилби, долоно - койчу, миң түркүн дүйүм дарак токойлору көргөн кишинин кумарын арттырып куштарлантат.

Колотунда шылдыраган мөлтүр кашка суулары көк ирим дайраны курап, тоолорун пааналаган ар кыл парандалар тиричиликтин шаанисин ачкансып, өз тилдеринде тынбай сайрап, кышын-жайын жайлоосунда үзүм-үзүм булуттар түнөп, шибери жайкалып, кымызы сабадан ташып, абасы таза жаратылыштын бир бурчу. Жазуучу Төлөгөн Касымбеков мына ошондой кооз аймакта 1931-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын балалыгы азыркыдай жайлоонун куну уча элек аба, суу, тоо-таш, бүт табигат таза кезде, кумарлантып куштар кылар тоо койнунда өттү.

Кичиакжолдуктар сөзгө, күүгө, оюн-күлкүгө дээринен ышкылуу келишип, четтен комуз чертип, ыр ырдап, бул жердеги калк арасында ар кыл өнөрпоздор арбын болгон. Улам кийинки урпактар кыргыздын байыртан келаткан өнөрүн мурдагы муундардан өткөрүп алып келишкен. Мына ушундай чөйрөдө жаш Төлөгөн көкүрөгүн ойготуп, ышкы-дилин козгоп, кылым кыйырын аралап келаткан сөздөрдү кыттай уютуп, кулагына куюуга тырышкан. 1949-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле өзү окуган мектепте мугалим, анан айыл кеңешинде жооптуу катчы болуп иштейт.

Мына ушундай эл арасында жүрүп, көктөйүнөн калк турмушуна, журттун ысык-суугуна аралаша баштоо анын адам катары, жазуучу катары калыптанышына түздөн-түз таасирин тийгизип, жамандык менен жакшылыкты, актык менен арамдыкты, пакизалык менен ыпластыкты, билимдүүлүк менен наадандыкты эрте тааныды. Анын үстүнө келечектеги чоң сүрөткердин бала чагы от күйгөн жылдарга туш келип, майдандан алда канча алыс жашаса да, согуштун кермек даамын көп татты.

Ошол кезде аш-тойлордо, оюн-шоокто, карылар чогула калган жерде улама кептерди, санжыра, аңыз-даректерди, болмуштарды жата калып тыңшаган жаш талапкер алгачкы оюн кагазга түшүрүп, аңгемеге айлантуу жөнүндө көп ойлонуп, толгоно берчү болду. Ошондой кайра-кайра жазып, сызып, бирде ырга, бирде кара сөзгө өтүп, өзүн каадалуу жазуучулардын катарынын көрө албай жүргөн чакта анын Кичинекей жылкычы - аңгемеси Советтик Кыргызстан (азыркы Ала-Тоо) журналына басылат. Бул - анын жарык көргөн биринчи, тырмак алды чыгармасы.

Анан өз жөндөм-шыгын бир нече аңгеме, очерктерде сынап көрөт, повесть жазат. Ошол жылдарда ал көп жазып, үйрөнүүнүн мектебинен гана өтпөстөн, университеттин филологиялык факультетинде билим алат, классикалык адабият менен таанышып, адабият теориясынан дарс угат, борбордогу маданий чөйрөгө аралашат.

Мунун баары өзүнөн мурдагы улуу муундагы калемгерлерди кайталабоого, алардан бөлөкчө, башкача талап менен жазууга аракеттенүүгө түрткү берип, кадыресе жазуучу катары калыптанышына таасирин тийгизип, шарт түздү. Аталган окуу жайынын соңку курсунда окуп жүргөндө, Жылкычынын уулу - деген биринчи китеби жарык көрдү. Окуусун бүткөндөн кийин, басмада редактор, анан бир нече жыл Ала-Тоо журналында иштеп, адабий кызматкерден башкы редакторго чейин көтөрүлдү.

"Тологон Касымбеков омур баяны" 50-жылдардын акырына удаама-удаа жарыяланган повесттеринин биринде (Жетим) жетим баланын аянычтуу тагдыры, чоң кишилер менен болгон мамилеси, айлана-чөйрөгө көз карашы баяндалып, дегеле каармандын психологиясын, ички татаал дүйнөсүн ар тараптан ачып берүүгө далалаттанса, андан кийинки Адам болгум келет - повестинде жаш адамдын өз жолун издөөдө жамандык-жакшылык менен бетме-бет келген учурдагы абал, адамдын калыптануу процессин көрсөтүүгө аракеттенди.

Аталган эки чыгарма кыргыз адабиятына таланттуу сүрөткер келип кошулгандыгын кабарлап, алардын орус тилине которулушу менен окурмандарга Төлөгөн Касымбековдун ысымы белгилүү боло баштады. Ошондон кийинки жыйырма жылдай убактысын жазуучу Сынган кылыч жана Келкел романдарын жазууга арнады. Бул романдардын мынчалык узак жылдар бою жазылышынын себеби, ал чыгармаларды жазууга отуруудан мурда жазуучу зерикпей материал топтоп, архивдик даректерди тынымсыз издештирди, эл оозундагы улама, санжыраларды жадабай чогултту, тарых китептерди казып окуп, советтик жана дүйнөлүк тарыхый прозанын салтын үйрөндү.

Ал эки чыгарма идеялык-тематикалык, тарыхый-хронологиялык жактан бирин бири улайт, айрым каармандар экөөндө тең катышат. Сынган кылыч жана Келкел романдарында элибиздин басып өткөн жолундагы эң эле оор, эң эле кайгылуу мезгилдеринин биринен болгон кыргыз жеринин түштүк тарабын Кокон хандыгынын чексиз эзүүсү, анын жан чыдагыс, акыйкатсыз сурагы, алык-салыгы, ордодогу ыйкы-тыйкылыктар, бычак мизинде турган оор абалдан өтүп кетер жылчык таппай, карайлап турган амалсыз элдин опасыз тагдыры сүрөттөлөт.

Көрөр күнү, ичер суу түгөнөр мезгилде орус падышачылыгы басып кирди. Дал ушул кездеги чабышуулар, так талашуулар, адамдардын түшүнүк-аракетиндеги олку-солкулуктар чыгармада даана көрсөтүлгөн. Сынган кылычта Кокондун кылычын чапкан Шералы, Нүзүп, Мусурманкул, Кудаяр хан аларга каршы калк таламын көздөп, элдин бөөдө чабылып-чачылуусун токтотууга аракеттенип, журт камын көргөн Алай ханышасы даңазалуу Курманжан датканын, адилет өкүм жүргүзөр ниет менен кол курап, так талашып чыккан Искахтын (Болот хан), сыртынан жан адамга жамандык кылбаган, а ички дүйнөсү жеткен былык, ыплас Абил бийдин образдары таасын тартылган.

Жаамы журттун көкүрөк көйгөйүн, муң-арманын алып жүргөн бүркүтчү Сарыбай, татаал тагдырдагы армандуу келин Айзада, нар көтөргүс эрдиги, даңкы бар, өлүмгө да түз басып бара алган Бекназар баатыр ж. б. ондогон каармандардын көркөм бейнеси аркылуу жазуучу 19-кылымдын экинчи жарымындагы жалпы доордун ири саясий-социалдык проблемаларын ачып берет. Романдын композициялык түзүлүшү, көркөм эстетикалык ачылыштары да кыргыз прозасы үчүн жаңылык болду.

Келкел романында болсо революциянын алдындагы мезгил менен төңкөрүштөн кийинки жылдар, кылым тогошор учурдагы тарыхтын кыймылдаткыч дагы бир катуу серпилген учуру көркөм талдоодон өткөрүлөт. Жаңы мезгилден өзүнүн жаңы көйгөйлөрү чыкты. Россияга кошулуу түпкүлүгүндө прогрессивдүү болгону менен мунун өзүнүн ички карама-каршылыктары жаралды. Мында Курманжан датка, Токтогул ырчы, кор башы Мадаминбек, Көршермат, даңазалуу кол башчы М. В. Фрунзе ж. б. каармандар алдыңкы планга чыгып, алардын тагдыр-таржымалы аркылуу учурдун көркөм элеси тартылат.

Келкел - көп пландуу, арбын каармандуу, көп темалуу, тили абдан бай, жазуучунун таланттуулугун талашсыз далилдеген нарктуу көркөм дүйнө. Бул эки роман бир канча, анын ичинде дүйнөлүк көп элдерге тараган англис, орус тилдерине которулду. Ушул эле темасын кийин ал улантып, Баскын, Чапкын романдарын жазды. "Тологон Касымбеков омур баяны" ушундай достор, жазуучу 2011-жылы дүйнөдөн кайткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)