Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Токтогул ГЭСи

Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана ирригациялык эң ири ишкана.

Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дарыянын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштейт.

Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мВт, долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат.

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3, Бирок электр энергиясын чыгарга пайдолуу көлөмү болгону 8,5 млрд м3 түзөт. Плотинасынын бийиктиги 215 м.

Иштегенден бери 96 млрд/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).

Иштегенине 40 жылдын чамасы болгондуктан ири жанылануусу - бөтөнчө электр-механикалык жабдыктарынын - талап. (2013).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)