Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Токсиндер

Токсиндер — микроорганизмдердин тиричилигинен бөлүнүп чыккан уу зат. Бактериялык токсиндер көбүрөөк изилденген. Алар экзотоксиндер жана эндотоксиндер болуп бөлүнөт. Экзотоксиндерди бактериялар жашоо - тиричилигинде чөйрөгө бөлүп чыгарат. Мисалы, селейме, кептөөр, ботулизм жана башкалар козгогучтары чыгарат. Эндотоксиндер бактериянын компоненти болуп, чөйрөгө бактерия өлгөндөн кийин бөлүнүп чыгат. Экзожана эндотоксиндер бири - биринен өзүлөрүнүн касиети жана организмге тийгизген таасири боюнча айырмаланат. Экзотоксиндер өтө уулуу келип, таасири белгилүү инкубация (жашыруун) мезгили өткөндөн кийин билинет. Канчалык алар көп өлчөмдө кирсе, ошончолук инкубация мезгили аз болот. Аларды ысытканда, формалин менен таасир эткенде уусун жоготот, бирок иммунитет пайда кылуу касиети сакталат. Мындай уусузданган экзотоксиндер анатоксин деп аталып, көп ооруларды алдын алууда жана дарылоодо колдонулат.

Эндотоксинден анатоксин алуу үчүн болгон аракеттер натыйжа берген жок. Эндотоксиндер организмге тез таасир этет, экзотоксинге караганда уусу анча күчтүү эмес, жогорку температурага туруктуу болушат. Токсиндерди кургатуу, тоңдуруудан алардын күчү өзгөрбөйт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)