Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Токката

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Токката

Токката деген эмне? (италиялык toccare - тийер-тийбес, колду учкай тийгизүү, cөзмө-сөз кол тийгизүү, уруу) — бул көбүн эсе клавишалуу аспаптар (фортепьяно, орган) үчүн тез жүрүштө, так ыргакта ойнолчу виртуоздуу музыкалык пьеса.

Негизинен токката клавир же орган аспаптарына жазылат, бирок башка аспаптарга арналган токкаталар кездешет.

Фортепианолук токкатанын үлгүлөрү Р. Шуман, Ф. Мендельсон, К. Дебюсси, М. Равель, С. Прокофьев, А. Хачатурян, Д. Шостаковичтин чыгармаларында бар.

Органдык токката XVI—XVII кылымдарда импровизациялык мүнөздө болуп, прелюдия (так формасы жок, кыска музыкалык чыгарма) жана фантазияга жакындашкан; көбүнчө аспаптык циклдин кириш бөлүмү катары жазылган (мисалы, токката цикли - И. С. Бахтын фугасы). Кыргызча токката Ж. Малдыбаева, М. Бурштин өндүү композиторлору фортепианолук түрүн жазышкан.

Жайгаштыруу: 2018-06-28, Көрүүлөр: 1029, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу