Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тойчубек уулу Алмабек

Тойчубек уулу Алмабек (1888 – 1962) - Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Булак айылында манасчынын үй-бүлөсүндө 1888-жылы туулган. Манасчы. Атасы Тойчубек, агасы Дыйканбай «Манас» эпосун мыкты айткан залкар манасчылардан болушкан. Ал жаратман манасчыларга мүнөздүү болгон түш көрүү аркылуу «Манас» айтып калат. Анын түшүнө Семетей, Күлчоро, Кырк чоро кирип «Манас» айтышын талап кылышкан. Агасы Дыйканбай эл-жер кыдырып «Манас» айтып кеткенде, Алмабек өзүнүн айылдаштарына айтчу. «Манас» эпосунун дээрлик бардык бөлүктөрүн айтып жүргөнү менен агасы Дыйканбай сыяктуу эле эл ичинде «семетейчи» деп таанылган. 1945-1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармонияга солист катары кабыл алынып, манасчылар Мусулманкул уулу Молдобасан, Тыныбек уулу Актан, Карала уулу Саякбай менен бирге эл аралап, «Манас» айткан. Анын айтуусунда 1945-1962-жылдары «Манас» үчилтигинин «Манас», «Сейтек» бөлүктөрүнүн өзөктүү окуялары жана «Семетей» бөлүгү толук, Кыргыз Илимдер академиясы тарабынан 63 556 сап ыр жазылып алынып, Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Азыркы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган «Семетей» бөлүгүнүн 14 вариантынын ичинен Алмабектин варианты толук варианттардын бири катары эсептелинет. Андан жазылып алынган «Семетей» бөлүгүнүн кээ бир окуялары, 1959-жылы жарык көргөн курама варианттын «Семетей» китебине кирген. Семетейчинин варианты, айрым бир жактан гана айырмачылыктарга ээ болбосо, негизинен салттуу вариант катары саналат. Азыркы күндө манасчынын үйүндө, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна учурунда өткөрүлбөй калган, өзүнүн айтуусундагы «Манас» бөлүгүнөн – «Чоң казат», «Семетей» бөлүгүнөн – «Манастын ашы» аттуу ири окуялар кол жазма түрүндө сакталып турат. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу М. Мамыровдун, А. Жайнакованын, Ш. Шакитовдун, С. Бегалиевдин, Т. Бакчиевдин илимий эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. Алмабек атасы менен агасынын жолун жолдоп, өнөрүн улап келген классикалык түрдөгү чоң манасчы. Тойчубектин үй-бүлөсүнө ыроолонгон манасчылык өнөр кийин анын уулу Касымаалыга, небереси Кубанычбекке да өткөн. Тойчубек уулу Алмабек 1962-жылы дүйнөдөн кайткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)