Тогуз-Торо кум-шагыл кени

Тогуз-Торо кум-шагыл кени Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Казарман кыштагынан 2,5 км чыгыш тарапта, Нарын д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 1277–1278 м бийиктикте. 1970-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер жатат. Кен Нарын дарыясынын аллювий чөкмөлөрүнөн пайда болгон кум жана шагыл тектеринен турат. Узундугу бир нече кмге созулуп, калыңдыгы 7 мге чейин. Шагыл жакшы жумуруланган, бирок иргелген эмес. Ал негизинен кумдук жана акиташ тегинен турат. Шагылдын 40 ммден ирилери 43%, кум фракциясы 17,6%. Көлөмдүк массасы 2240 кг/м3. Кум полимиктүү, орточо бүртүкчөлүү, слюда жок. Кум жуулуп, шагыл майдалангандан кийин «300» маркасындагы бетон даярдоого, курулуш ылайына жана жол курулушуна жарамдуу. Запасы А+В категориясы боюнча 469 миң м3, С1 – 289 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)