Тогуз коргоол оюну жонундо маалымат

"Тогуз коргоол" оюну жонундо эмне билесинер? Орустун изилдөөчүлөрү «Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Ал эми кыргызда малчылар балдардын логикасын тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. Венгер окумуштуусу Жорж Алмааши «Азиянын жүрөгүнө саякат» аттуу китебинде тогуз коргоол оюну акыл-эс оюнун кыргыз эли гана ойнойт экен» деп көзгө сая көрсөткөн. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол улуттук оюну пайда болгон» деген.

Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт (0,5 упайдан берилет). Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казынасына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казына дейбиз.

Туз алуу эрежеси: Атаандаштын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны үч болсо, ал үйү "туз" деп аталып сизге тийешелүү болуп калат, б. а. ал үйгө түшкөн коргоолдордун баары сиздин казынаңызга түшөт.
Туз алуунун үч шарты бар:

Жолоочулар төөлөрүнүн үстүна ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты "тогуз коргоол" деп аталып калган деген бир имиш бар.

Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму.
Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда чоңураак жанаша эки казынасы (казан же ордо чарасы) бар сүйрүлөнгөн такта. Анын жердиги карагайдан да, арчадан да, талдан да, теректен да, өрүктөн да, жаңгактан да болот. Чеберлер аны жасоодо араа, керки, бычак пайдаланышат. Чуңкурун, казынасын чебердеп оюу-жонуу үчүн атайын кичинекей ийгиси бар. Эгер кыйып келээри менен дароо чаба койсо, ага каймак, же сорпо майын «ичирип» (аябай сыйпап) көлөкөдө кургатуу керек. Тогуз кумалактын көлөмү койдун коргоолундай 162 коргоолу да жыгачтан бипбирдей тоголок жасалат.

1. Тогуз Коргоол оюну бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон манкала оюндарынын бири. Кыргызстандан тышкары батыш Монголияда "Эсен коргол" жана Казакстанда "Тогуз кумалак" ат менен белгилүү.

Бул оюн Орто Азия өлкөлөрүнөн башка түндүк-чыгыш Ооганстанда (Бадахшан), Орусияда (Алтай, Хакассия, Якутия, Татарстан жана Тува), батыш Монголияда жана түндүк-батыш Кытайда ойнолот (Үрүмчү, Жунгария).

2. "Манас" эпосунун бир вариантындагы мындай саптар бар экенин ким билиптир:
Жалпак жыгач чаптырып,
Чараларын оюшуп
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз,
Үй чыгарып коюшуп…

Манас эпосу 2-чи китеп Сагымбай Орозбак уулу, Кыргызстан, 1978
Кыркың кызык ойнотуп,
Чатыраш ойнун салыңар,
Тогуз, онуң биригип,
"Тогуз коргоол" алыңар.
Жыйылып алып жыйырмаң,
Топ таш-чакмак алыңар.

3. Логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүгө мажбур болот. Ошондуктан бул оюн башталгыч класстардын балдарына да абдан пайдалуу.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен "Мектептин бардык класстагы окуучуларына тогуз коргоол оюнун ойнотулсун" деген буйругу киргизилен.

5. Тогуз Коргоол оюнунун электрондук версиясын кыргыз информатиги К. Картанбаев 1999 жылы түзгөндүгү белгилүү.

6. Кыргыз Республикасынын Тогуз Kоргоол федерациясы 1993 жылы түзүлгөн.

7. Бүткүл Дүйнө боюнча интеллектуалдык оюндардын эл аралык олимпиадасынын манкала секциясында 2010 жылы Европадагы Тогуз Коргоол клубу сунуштап киргизген. Тогуз коргоол оюну кыргызча дайындап-жазган Бектурсунов Э.

Кошумча шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)