Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Түркстан фронту

ТҮРКСТАН ФРОНТУ – граждандык согуш мезгилинде Түркстанга жардам берүү максатында 1919-жылы 11-августта түзүлгөн аскердик бирикме. Анын башкы командачылыгына М. В. Фрунзе дайындалган. Түркстан фронтунун Революциячыл аскер совети түзүлгөн. Фронтко 1, 4, 11-армиялар жана Түркстан Республикасынын аскерлери кирген.

1919-жылы 14-августта Борбордук Россиядан бөлүнүп калган Түркстан АССРи менен кайра биригүү үчүн Башкы штаб түзүлгөн. 1919-жылы 13-сентябрда 1-армиянын бөлүктөрү республиканын аскерлери менен кошулган. 1919-жылы ноябрда Башкы штаб Түркстан аскерлеринин штабына айланып, ага республиканын аймагындагы аскерлерди башкаруу иши жүктөлгөн. 1920-жылы апрелде Түркстан аскерлер штабы Түркстан фронтунун штабы деп аталган. Түркстанда Совет бийлигин чыңдоого түркстан фронту чоң роль ойногон. Ал 1926-жылы таркатылган.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)