Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Түймө

Боелгон түркүн жүн жиптен жасалган чачы, кооздук. Түймө (чачык өнөрү) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чачык — боелгон жүн жиптен жасалган буюмдар. Мунун «чаян түйүш», «кылыч байлоо», «өрмө чачы», «түймө чачы», «төкмө чачы», «иймек чачы», «илмек чачы» сыяктуу ыкмалар бар. Боз үйдүн «тегиричине», «аяк капка», «күзгү капка» жана «секичекке», «чыгданга» жана ушул өңдүү буюмдарга да таандык чачыктын өзүнчө түрлөрү болот. Элдик өнөрдүн бул түрүндө «түйүү», «тордоо», «чачылоо» жана «чалуу» деген терминдер алмак салмак айтылат. Түймөчүлүктүн жүзөгө ашкан түрүн элибизде «чачык» деп аташат. Ал «төкмө чачы», «түймө чачы» болуп экиге бөлүнөт. Мунун негизги жери жүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)