Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түгөлбай Сыдыкбеков жана көк серек чыгармасы

Баш барак | Адабият | Түгөлбай Сыдыкбеков жана көк серек чыгармасы
Т. Сыдыкбеков (1912-1997) - прозаик, акын, драматург, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын акаде - миги, Кыргыз Республикасынын Баатыры. 1912-жылы боз үйдө (в юртё) туулган. Айылдык молдокеден, андан кийин 1920- жылы айылда ачылган мектептен билим алат. Жазууга кагаз, калем жок кыйналып окуган. Кийин Каракол шаарындагы Чехов атындагы мектептен билим алат, орус ти - лин үйрөнөт. Оор кыйынчылыктарды башынан өт - көргөнүнө карабастан окуусун таштабай улантып, Фрунзедеги айыл чарба техникумуна кирет, андан соң Ашхабад шаарындагы зооветеринардык ин - ститутунда окуган. Бирок ден соолугуна байланыштуу окуу менен кошто - шот. Узак жылдар бою оору менен кармашат, эрктүүлүгү жеңип оорусунан айыгат. Өзүнчө окуп, иштеп максатына жетет, жазуучу болот. Ал "Ленинчил жаш" газетасында, Кыргызстан Жазуучулар союзун - да, Кыргызмамбаста эмгектенген. Жазуучунун "Күрөш", "Баатырлар", "Акын булбул" - ыр жыйнактары жарык көргөн, 1937-1938-жылдары Кыр - гыз Совет адабиятында биринчилерден болуп "Кең-Суу" аттуу реалисттик романды жаратат. 1939-40-жылдары "Темир" романы, Ата Мекендик со - гушка арналган "Тарбия", "Муздакта", "Биздин замандын кишилери", аңгеме-повесттерин, балдар, мектеп турмушу жөнүндөгү "Тоо балдары", айыл турмушуна арналган "Тоо арасында" романын жазат. Аялдар темасы - на арналган "Зайыптар", "Батыйна" романдары, 1989-жылы "Көк асаба" романы жарык көрөт. Бул роман У1-Х111 кылымдардагы тарыхый окуялар - дан кабар берет. Жазуучу "Биздин замандын кишилери" деген чыгармасы үчүн 1947- жылы 3-даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССР - дин Мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган. Т. Сыдыкбеков А. С. Пушкин, Некрасов, Чехов, Шолохов өңдүү жа - зуучулардын чыгармаларын кыргызчага которгон. 1997-жылы дүйнөдөн кайткан.

Көк серек жөнүндө
Т. Сыдыкбековдун кара сөздүн чоң устаты экендиги "Көк серек" аңгемесинде ачык, даана көрүнөт. Анткени жапайы жырткычтын кыял, жоругу, бөлтүрүктөрүнө болгон мамилеси, иш-аракети анын табиятына дал келгендиги көрүнүп турат. Аңгемеде Көк серегинен ажыраган Көк канчыктын бөлтүрүктөрүн жетилтүүдөгү тарткан убайымы, келечектен күткөн үмүтү, карыган кезинде жан сактоо үчүн болгон аракети баянда - лат. Карышкырлар да адам сыяктуу эле жашоо, тиричилик үчүн күрөшөт. Алар дагы жаратылыштын бир мүчөсү катары өз тукумун сактоого, илим, техника өскөн доорго, ага ылайыктуу куралдардан сактанууга, күнүмдүк жан сактоого аракеттенишет. Бирок кандай гана болбосун, бөрүлүк заңын сакташат. Буга Кынжыгыйды талап жеп коюшу далил боло алат. Көк серек менен Көк канчыктын бөлтүрүктөрү: Мантагай, Балпагай, Сербегей, Му - лугуй, Кынжыгый. Аңгеме Көк канчыктын түшүнөн башталат. Түшүндө Көк серек чоң бугуну алып келип, бөлтүрүктөрүнүн атын айтып, тамак - ка чакырып жаткан болот. Түшүндө Кынжыгыйын чакырбай калганына өкүнөт. Кынжыгыйды акырында, кынжыйып алсыз болгон үчүн бир туу - гандары талап жеп өлтүрөт.

Көк серек (Үзүндү)
"Ау-у, атаңар Көк серек барында, тетигил Ак-Чокунун туурасында - гы Көк-Жондо аябай баш тоголотчубуз... Эми антип баш тоголотуу азайып баратыр, балдарым..." - деп Көк канчык кыңылдап, чекир сымак кызгылт көздөрү канталап, өзү абдан эле аянычтуу кейипте жонун үрпөйтүп, куйру - гун чатына кыпчып калды. Анын көз алдына мергенчинин элеси көрүнө түштү. Кың-кың этти, капкара уурттарын кыпкызыл тили менен жаланып коюп. Анан бөлтүрүктөрүнө тиш ырсыйтты: "Ы-ых-х..." Шиберге жумаланып ойноп жаткан бөлтүрүктөр эненин ызасын анча сезбей ойной беришти бирин-бири шилилеп, томолонуп-жумаланышып. Көк канчык бөлтүрүктөрүнүн оюнуна алаксый калды. "Кың... уа-аң, өзүндөй көк жон тайманбас болуп чоңоёр бекен ушу балдарың, курган Көк серегим көрбөй кетти, э. Кантейин, кантейин. Убалы ошо мергенчиге жетсин". Анан канчык бөлтүрүктөрүнө ачууланды: "Ы-ы-р-р. Атаңар Көк серек баш тоголотуп берип койгонсуп кечке ойнойсуңар?! Силердей жетимдер эртелеп жетилбесе, кыштын каарында куурап калышат. Күн кечтеп баратыр. Койчулар койлорду эми короого айдап кетелегинде, эң болбосо, бир күрпөңүн басып калалы. Жүргүлө. Жорттук!" Баятадан балтаңдап ойноп жатышкан бөлтүрүктөрү мукур кулакта - рын селейте тыңшагансып калышты. Көк канчык ойсоктоп жойлой жөнөдү: "Уа-ң-ң менин изим менен чубашкыла, акмактарым. Изимден четтегениң капканга чабыласың. Териң терс сыйрьшат. Эшиттиңерби?" - деп койду. Удаа келаткан чоңураак бөлтүрүгү - Балпагай энесинин куйругунун учун тиштегенсиди. Чынында ал тиштеген деле жок. Ошо эненин изинен адашпай жүрөйүн деп сактанганы болучу. Ал Балпагайды Мантагай туура - ды. Мантагайды, Мулугуй, аны Сербегей туурады. Кынжыгый илмеңдеп аз арттараак. Азыр бөлтүрүктөр өз алдынча жортушка эрте. Эне, ырас, эң алдыңкы Балпагай кандайдыр бир уча албай калган канаттууну баса калып тытмалап ойногон кечээ. Мантагай, Сербегейлер ага аябай кызыгышты. Анан ичтери күйүштү. "Биз качан ушу эр жүрөк агабызча өз алдыбызча канаттуу басар экен - биз" дешип. " Кынжыгый кыңылдап корккондой болду. "Байкуш балапан, байкуш балапан..." деп. Көк канчык кызыл тилин капкара ууртуна жалантты: "Азамат... Бу Балпагайым өзүнчө азык тапканга жарайын деп калган тура" - деп. Анан ал ошо замат бөлтүрүгүнө тап берип: "Ы-рр! - этти. - Эй, дөдөй, өз олжоңо өзүң эле ойнобой чогуу болгу - ла" - деп. Ошондон кийин бөлтүрүктөр тигил олжону тытмалашты, жулкулаш - ты. Анан оюндары канганда бири канатын чайнап, бири шыйрагын кеми - рип, бири төшүнөн аткып канаттууну жеп коюшту. Бөлтүрүктөрүнүн ошол ынтымагын көрүп курч, коркпос, канталаган көздөрүн ачып-жуумп Көк канчык жерге боорун төшөп тукумдарынын жөрөлгөсүнө абдан ыраазы: "Байкуштар... байкуштар... Мен барда буларым кор эмес. Мергенчи - нин огу тийбесе, капканы чаппаса, буларым көк жон бөрү болушат. Ыгы келсе, бир короо койду удургутуп тиш салып жондуусун тамактап, куйругу менен камчылап жетелеп кеткидей этем. Ыгы келсе, тайлак басып жеги - дей - тартынбас өстүрөм. Ал тургай кыр жондон жалгыз-жарым кишиси жолукса, андан эч качпастан ошо кишисине тиш салгыдай болушса э, бу бөлтүрүктөрүм..." - деп ойлогон. Көк канчык көзүн ирмеди. Арт жагынан Кынжыгый бөлтүрүгү кыңылдады: "Эне, эне! Чарчадым. Кардым ачты" - деп. Ага Көк канчыктын кыжыры келди: "Ау-уң, чыда, акмак. Сен кимдин тукуму экениңди унуттуңбу. Күндө жортсо, күн тынбас — Көк серектин тукумусуң. Түндө жортсо түн тынбас - өз энең Көк канчыктын бөлтүрүгүсүң. Чыда! Чыдабасаң, бил: бөрүлөр жары - мач тукумун өзү жеп алат". Ушундан кийин Кынжыгыйы дым чыгарбай келе берди, келе бер - ди кынжыгып. Балпагай мантаңцап, Мантагай борсолоңцоп, Сербегей сереңдеп, Мулугуй мулуңцап алардын эч бири деле чарчаган жок. Деле убакыт көп өткөндөй болду. Энеден али дайын жок. Аба салкын тартты. Жанатадан күн күлүңцөгөн тигил борчукту азыр көлөкө каптады. Кынжыгый акырын-акырын кыңылдады. Мантагай ага тиш ырсыйтты: "Жаагыңды бас... Өлөсүң. - Ауң". "Кардым ачты. Чыдай албай баратамын, байке. - Ау-и... иң". "Чыда. Биз бөрү тукуму экенибизди билбейсиңби, акмак. Бөрү ток жүрбөйт, ар дайым ач жүрөт. Ачкачылыкка чыдагыла дебеди беле энем. Чыда кыңылдабай..." Далайга-далайга жымжырт жатышты. "Ың... коркуп жатамын" — деп койду Кынжыгый. Мантагай ага тумшугун жыйырды аябай бөрүчө кыжырланып. Кынжыгый жыйрылды бүрүшүп. Күн кызылы абдан эле өчүп, тоо арасына коюу көлөкө жабылган кез - де Көк канчык уңкулдап жетип келди. Ал аябай чарчап алыптыр. Көздөрү кыпкызыл болуп, билектери кан. Тумшугу, алкымы кан, өзү элтең-селтен этип кубангансып да, өкүнгөнсүп да тилин салып... анан бөлтүрүктөрүнө бир-бирден чоң-чоң сугум майды кусуп-кусуп таштады. Өзүнүн ичи кабыша түштү. "Бүгүнкү ырыскыңар ушул эле болуп калды, байкуштарым. Кишилер айткандай "бөрү тоют" болуп койгула. Биздин тукумга дайым чоң тоюш чанда-а... - ув! Ув! Деги өзүңөр ылдамыраак торолбосоңор маа кыйын болуп баратыр. Азыркы кезде бизге жем табыш татаалдап кетти. Башта, кишилер бизди союлу менен коркутчу. Союл жетпес жерде биз аман болчубуз. Эми аларың - да мылтык дегени бар. Ал аркы кырдан "паң" эткенде бери кырдагы бизге "чуп" тиет. Бир кезде Көк сереги көзүнө көрүнө калды. Ал көк жал тартып килеңцейт. Тыяк-быякка жепжеңил каргып булак - булак секирип абада созулат. Анан бир кездери мүйүзү каркайган бугуну жепжеңил сүйрөп келатыр. "Мантаңбайлар! Балпаңбайлар! Сереңбайлар! Мулуңбайлар! Атаңар бугу алып келатыр силерди тойсун деп" - кыйкырып жиберсе түшү экен. Көк сереги көзүнөн кайым болду. Өзү коңулдап ийрилип жатыптыр. Түшүндө Кынжыгыйын чакырбай калганына Канчык өкүндү. "Уу-а-аң. - Ошо байкушту бир туугандары талап жешет, кынжыйып алсыз болгондо". Ушундан кийин Көк канчык уктаган жок. Ал бөлтүрүктөрүн тим калтырды. Өзү таң алдында жойлоп чыкты дагы. Деги баштагыдай эмес жайытта жатып калган аксак-тексек жок. Кайберендер да житип-житип дайынсыз. Күн чыгарда куру кайтты, Көк канчык. Ай, деги жан багыш жылдан-жылга татаалдап баратыр. Уйкусу канган бөлтүрүктөрү мантандап ачыкка чыгышты ойногусу келишип. "Уаң, мейли, ойной беришсин. Азыр мергенчи жүрчү маал эмес, - деди Көк канчык өзү да балдары менен ойногусу келип кыбыңдап: - Ата-а, атаңарча мен силерге эмдигиче бир жолу баш тоголотуп бербедим. Ургаа - чылык курусун" - деп өкүндү бечара канчык. Анан ал ошо бөрүгө таандык сактык, көрөгөчтүк менен тыяк-быякка көз чаптырып, те кыраңдан бери чаарчыктарын ээрчитип чыга келген элик - ти көрүп калды. От көздөрү ошол кыраң жакка өттү. Өзү купшуңдап балдарына белги берди. "Уаң, акмактар. Жортуулга-а. Эми өзүңөрчө насип табышка алыңар жетип калды. Жүргүлө! Жүргүлө! Бөрү баласы карды ачканда ойнобойт. — Уаң... Көрдүңөрбү, көрдүңөрбү. Тиги кыранда бизге азык жүр. Эми силер кичине эмессиңер. Тездегиле. Иң. Балпагай, сен алдыда зымыра. Сени көрүп тигил Сербегей, Кынжыгыйлар чыйралсын. Чыйралгыла-а". Көк канчык далдаада зымырап, апай бетте амалданып жашынып, бөл - түрүктөрүн ошо элик оттогон кырандын наркы көмүскө жагынан баштап келди. Анан кайсы жагынан кандайча качырып кирерди баамдады. Бирок, ал ага убакыт өткөргөн жок. Убакыт өттү — колго түшкөн азыкты качыруу. Ал ыкыс берип, ыкыс берип балдарына: "Ууң мен энесин кубалап жөнөймүн. Силер адаша калган улактарын басып калгыла" деп жатгы бөрүсүнчө жышааналап. Элик жыт алгансыды. Кулактарын тикчийте кериле тартып шектене турду тыяк-быякка карап. Көк канчык шибер менен шибер болуп боортоктоп жылып баратыр. Мантагай, Балпагай энесинен калышкан жок. Мулугуй мулуюп кыраңга жетти. Сербегей, Кынжыгый алынын барынча бөрүлүгүн көрсөтүшкө ты - рышты. Тоо койну жымжырт. Чынында ушулар үчүн эле. Башка дүйнө өз ырын ырдап, өз күүлөрүн чертүүдө. Кынжыгыйдын жүрөгү катуулап сокту. "Баары олжого тунушуп, мен куру калсам уят. Анда өз бир тууганда - рым Мантагай, Балпагайлар эле мени бөрүчөсүнөн жектешет. А-ың. Мен ошондон корком"... Канчык Кынжыгыйдын өзүн шилиден тиштеп ыргытып жибере жаз - дады. "Ыр-ырр - бөрү баласы ушу сендей мазасыз болсо, ал өз жанын ба - галбайт шордуу?!" Мантагай, Балпагайлар бир чаарчыкты шилилеп, шыйрактап өлгүдөй кызыл ала этиптир. Алар бирине бири азуу кагып, чаарчыкты кызгана башташыптыр. Мулугуй мулуңдап, Сербегей тийип-качып сереңдейт. Кын - жыгый ошо энеси баамдагандай эле кынжыйып четте кыңылдап ыйлап ол - тур, уңшуп. Эне ошого кыжырланды: "Ыхх... эмине көрдүң сен, кынжыйып?!" "Уң, караңызчы, эне. Тигилериң, байкуш кичиңекей эликтин баласын аяшпай тиштеп жатышпайбы." Канчык Кынжыгыйдын өзүн шилиден тиштеп ыргытып жибере жас - тады. "Ы-ырр... бөрү баласы ушу сендей мазасыз болсо, ал өз жанын багал - байт, шордуу?!" Кынжыгый коркконунан ыйлап жиберди кыңылдап. "Шордуу, шордуу, - деди энеси ага. - Сен минтип кынжыя берсең өзүбүзгө жем болосуң. Бөрү шордуусун тирүү койбойт. Шордуу бүт бөрүнү жаман атты этип коёт. Тыңы, чыйрал. Сен да тигил чаарчыкты шилиле. Ка - нына тоюн. Арр." Кынжыгый кыңылдады. Ал ошенткенде өз агасы Мантагайдан коркту. Кыйналган Чаарчыкты аяды. Аны энесине айталбай кыңылдап ыйлады. Аны сезген энеси Кынжыгыйды "арр" этип четке кубалады. Бир кезде беркилер чаарчыкты өлтүрүп алышып, жылуу канына тою - нуп жатышты, жыргашып... "Эу-уң, мына бөрү болот деген! Силер эми мага жардамчы болосуңар мындан кийин", - деди Көк канчык бөлтүрүктөрүнө ыраазы болуп, өзү да чаарчыктын кемирчек төшүн кемирип жатып... Айлар жылга айланды. Көк канчыктын ошол бөлтүрүктөрү эми ар бири килеңдеген көкжал бөрү. Алар эми эчтемкеден тайманбастар. Күндөрдүн биринде адатынча өзү алда жакшы эле жыт алып сак ке - латкан эсил канчык ойдо жок жерден: эч бир киши келбес тар кычыктан анча байкас албай секирип коёмун деп оң колун билегинен капканга чап - тырды. Ошондо ал борүчө тиштенди "кың" этпестен. Анан тигилерге: "А-у-ң, турган-турган жериңце тым болгула. Мен азыр колумду капкан - дан бошотоюн..:" деди да өз билегин өзү бат эле кемирип, өз сөөгүн өзү "карс - карс" этгаре чайнап салып, билегин капкандан бошотуп алды да... Сөөгүнүн какшаганына чыдай албай мурдун жыйырды. Бир жолу "кың" этга. Билегинен төмөн балпайган таманы капканда калды. Анан ал чолок колун чолтоң эттире сыңар аяктап, өз тобун коркунучтуу жолдон аман алып кетти. Ар өмүрдүн төрөлүшү да, өнүгүнгү да, карышы да, анан аягы да болот дечи. "А-а-у-у-ңң. Энелер карыды, кор болду. Карыса да мынча кор болбойт эле, ит капканчынын болоу капканы мени сыңар аяк этип койду. Эми силер бөрүнүн тукумун улай бергиле, өздөрүңөрчө. Мен ушул зоонун айланасын - да эптеп чычкан басып жеп өлгөнүмчө күн көрөйүн, балдар". Көкжалдары көздөрүнө жаш алышты. "Ымм, мына ушундан улам: бөрүнүн көзүндө жашы келаткандыктан көзүбүздүн астында кара тамчы тагы бар. Бу биздин бөрүлүк жашыбыз. Силер эми көкжал тарттыңар баарыңар". Бир маалда туура жактан карп-курп атчан киши чыга калды. Көрсө ал ушу зоону бөрү тукуму чердечү эле деп атайы эле ууга чыккан мергенчи экен. Ал өңөргөн мылтыгын окчо сундурду. "Мына эми тарс этет. Мен үлдүрөп жерге кабышам" - деп ойлоду канчык. Мылтык тарс эткен жок. Мергенчи мылтыгын кайра ээрдин кашына койду: - А-ай кургур... сьщар аяк болуп өзү да куруп зыянсыз болуптур. Күнүн көрө берсин, - деп атына камчы басты. Кишинин бул боорукердигине акылы жете бербей Көк канчык үлдүрөп, көздөрүн тунартып киши кеткен жакты тиктеп туруп... анан уктап бараткансып боорун жерге төшөп козголбой жатып калды...
Сайтка жарнама жайгаштыруу