Того республикасы

Того, Тоголез Республикасы - Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Буркино-Фасо, батышынан Гана, чыгышынан Бенин менен чектешет. Түштүгүн Атлантика океанынын Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 56,6 миң чарчы чакырым. Калкы 7,2 млн (2013); көп улуттуу. Өлкөдө 45 этникалык топтун өкүлдөрү жашайт. Негизги калкы ква (түштүктө, ириси - эве) жана гур (түндүктө, ириси - кабье). Динге ишенгендери христиандар (католиктер менен протестанттар). Салт болуп калган динди адептер тутат. Мусулмандар да бар. Расмий тили - француз тили. Борбору - Ломе шаары. Шаар калкы 42%. Ири шаарлары: Ломе, Чаужо, Кламене, Воган. Акча бирдиги - КФА франкы. Того - БУУнун (1960), ИНТЕРПОЛдун (1960), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1962), ЭВФтин (1962), Африка биримдиги (1963) жана Бүткүл дүйнөлүк соода (1985) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Того - унитардык мамлекет. 1992-жылы Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (2005-жылдан Фор Эссозимна Гнассингбе). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш).

Табияты. Өлкөнүн көпчүлүк жерин түздүктөр менен плато, түштүгүн деңиздик ойдуңдар, борбордук бөлүгүн түзөң плато (бийиктиги 200-400 мм), түндүгүн аскалуу плато ээлейт. Того жана Атакора тоолору түштүк-батыштан түндүк-чыгышка созулуп жатат. Өлкөнүн эң бийик жери - Атакора тоосундагы Агу чокусу (бийиктиги 987 м). Климаты экватордук, ысык. Түштүгү нымдуу, түндүгү кургакчыл. Айлык орточо температурасы 20-32°С. Жылдык жаан-чачыны 750-1500 мм. Ири дарыялары: Моно жана Оти. Бийик чөптүү саванна, дарыя өрөөндөрүндө дайыма жашыл токой өсөт. Кве, Керан улуттук парктары, резерваттар уюштурулган.

Тарыхы. Тогонун байыркы тарыхы жөнүндө изилдөөлөр аз. Археологиялык табылгаларга караганда Тогонун азыркы аймагын байыртадан адамдар мекендеп, карапа буюмдарын жасашкан жана металл иштетишкен. 15-кылымдын ортосунда бул жерге португалдыктар келип жайгашкан. 18-кылымда аймак Батыш Африкадагы кул сатуу борборуна айланган. 1884-1914-жылдары Германия протектораты, 1905-жылдан колониясы. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде британдык жана француз аскерлер басып алган. 1919-жылы Версаль тынчтык келишимине ылайык Тогонун чыгыш бөлүгү Францияга, батышы Улуу Британияга берилген. 1956-1957-жылдары Тогонун британ бөлүгү Гананын (мурдагы Алтын Жээк) курамына кирген, француздар бөлүгү улуттук кыймылдын күчөшүнөн автономия алган. 1960-жылы 27-апрелде Того республикасы көз каранды эместикке ээ болгон. 1963-жылдан Тоголез Республикасы деп аталган. 1967-ж. 13-январда аскер төңкөрүшү болуп, бийликке подполковник Гнассингбе Эйадема келип, бардык саясий партияларга тыюу салган. Ал 1969-жылдан бир партиялык система киргизип, Тоголез элинин биримдик партиясын түзгөн. 2004-жылы Брюсселде Того менен Европа союзунун ортосунда кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө келишим түзүлгөн. 2005-ж. 5-февралда Эйадема өлгөн соң, бийлик анын уулу Фор Эссозимну Гнассингбеге өткөн.

Того республикасы, Тогозел мамлекети

Чарбасы. Того олкосу - дүйнөдөгү начар өнүккөн жакыр өлкөлөрдүн бири. Экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жайы жана айыл чарба түзөт. ИДПнин көлөмү 5,2 млн АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 827 доллардан туура келет. Андагы айыл чарбанын үлүшү (% менен) 47,4, тейлөө чөйрөсүнүкү 27,2, өнөр жайыныкы 25,4. Фосфат казылып алынат. 2007-ж. өндүрүлгөн (негизинен ЖЭСтен) 230 млн кВт-саат электр энергиясы өлкөнүн керектөөсүнүн УдПН гана канааттандырат. Калган бөлүгү Ганадан алынат. Нефть ажыратуучу, металл иштетүүчү, химиялык (лак жана боёк), текстиль, курулуш материалдар (анын ичинде цемент) өнөр жай ишканалары бар. Башкы айыл чарба азыктары - кофе, какао-буурчак, пахта. Кеңири керектелүүчү азыктары: кассава, ямс, жүгөрү, сорго, жашылча. Бодо мал, чочко, кой, эчки асыралат. Үй куштары багылат. Балык кармалат. Айыл чарба сырьёлору кайрадан иштетилет. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 7,5 (анын 2,4кө жакыны асфальтталган), темир жолунуку 0,5. Башкы деңиз порту - Ломе. Экспортко фосфорит (дүйнөдө 4-орунда), айыл чарба азыктарын чыгарат. Коңшу өлкөлөрдөн көптөгөн товарлар реэкспорттолот. Негизги соода шериктештери: Кытай, Индия, Гана, Нидерланд, Буркино-Фасо.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)