Төрө чепкен

Эмир Темир көп жыл бою Апендинин тилинин уусуна кекенип жүрүп, акыры көпчүлүктүн көзүнчө андан өч алууну ойлойт да жан-жөкөрлөрүнүн бардыгын ордого чогултуп, бир кылка отургузуп, а Апендини болсо койкойтуп, алардан бийигирээк отургузат. Анан баарынын алдына малайлар бирден түйүнчөк апкелип коёт. Апендиге апкелген түйүнчөк башкалардыкынан чоң да, кооз да эле. Беркилер түйүнчөктөрүн чече баштаганда Апенди да чечип кирет. Караса башкалардыкында - бирден чепкен, Апендинин түйүнчөгүндө - эшектин ичмеги! Отургандар боорун тытып каткырат. Апенди болсо сыр билгизбей, кудай менен эмирдин марттыгын ашыра мактап, бата берип кубанат. Антсе, отургандардын бири чыдай албай: - Эй, шордуу, кайсы арыңа сүйүнөсүң? Мындан көрө, муунуп өлбөйсүңбү! - дейт. - Кадырың жан болсун!

- дейт анда Апенди. - Эмир мага өч деген ушак эл арасында жүрчү эле, мына бүгүн ал ушак төгүнгө чыкты: өкүмдарыбыз мени катуу барктаарын өз көзүңөр менен көрүп отурасыңар. Силер алдыңар эмнени? Баягы эле ар ким ала жүргөн чепкен. А мага болсо паашабыз өз далысына гана жараша турган төрө чепкенин тартуулап отурбайбы!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)