Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Төөкуш

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Төөкуш

Азыркы куштардын ичинен эң ириси кайсы? - деп сураса, силер албетте төө куш деп жооп бересиз. Бул туура жооп. Чынында эле азыркы куштардын ичинде чоңдугу жагынан африка төө кушуна тең келген бир да куш жок. Анын бийиктиги 2.5 метрге, салмагы 136 килограммга чейин жетет. Мойну менен башынын жүнү жок, буту эки манжалуу, чуркоого абдан ылайыкталган, канаты начар жетилген. Корозунун түсү каралжын, куйрук, канатынын учу агыш, ал эми мекиянынын түсү көгүш боз болот. Төө куштар көбүнчө 5-6дан, кээде 40-30дан болуп жүрөт.

Азыр төөкушту негизинен Африкадан кездештирүүгө болот. Алар көбүнчө такыр чөл, ачык мейкин талааларда жашайт. Ар түрдүү өсүмдүктөрдүн урук-данын, жалбырак-бутактарын, кээде майда жандыктарды да жейт. «Учпаган куштардын ичинен эң күлүгү кайсы?» - деген суроого да «төөкуш» деп жооп беребиз. Эгерде эң күлүк деген жаныбарлардын жарышын өткөрсөк, төө куш ат, түлкү, коён сыяктуу белгилүү күлүктөрдөн озуп кетер эле. Башкасын айтпаганда да, анын бир айлык балапаны саатына 50 чакырым ылдамдык менен чуркай алат. Төөкуштун бир корозу 3-5 мекиян менен жашайт, биргелешип бир уя салышат да, ар бир мекиян 6-8 жумуртка тууйт.

Too куштун жумурткасынын узундугу 20 сантиметрге, салмагы 1.5 килограммга чейин жетет. Жумуртканы күндүзү мекияндары басат, себеби алар оңойлук менен байкалбайт, түнкүсүн корозу басат. Ошентип кезектешип 40 күн ичинде басып чыгарат. Төөкуштун эти тамакка, канат, куйруктары кооздукка пайдаланылат. Бул куш колго бат көнүп, башка жерге бат эле байырлашып кетет. Ошондуктан төө куштарды фермаларда да багышкан.

Австралиянын түштүгүнөн ошондой фермалардан качып, жапайы болуп кеткен тоокуштар кезигет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 759, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу