Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Төлөмүш Океев (1935-2001)

Баш барак | Биографиялар | Төлөмүш Океев (1935-2001)

Көк серек деген кино тасманы көрдүңөр беле? Эгер көрсөңөр андагы Курмаштын образы силерге жакса керек? Тасмада чыйрак өскөн жаш баланын турмушка болгон терең көз карашы, анын боорукерлиги, бооруна кыскан кичинекей бөлтүрүгү менен жалгыз, ээн талаадагы ызгаар суукта мал жайып жүргөндөгүсү сүрөттөлөт.

Арийне, аны сөз менен айтуу өтө эле кыйын. Аягы аянычтуу бүткөн бул Көк серек кино тасмасын, деги эле кыргыз улуттук киносун дүйнө жүзүнө тааныткан агабыз - Төлөмүш Океев. Ал 1935-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. 1958-жылы Ленинграддагы кино инженерлер институтун, 1964-жылы ВГИКтин эки жылдык режиссёрдук жогорку курсун бүтүргөн.

Ушул эле жылдары Кыргызфильм киностудиясында режиссёр болуп иштеген. 1970-жылдары Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын 1-орун басары, 1986-жылдан Кыргызстан кинематографисттер союзунун башкармасынын 1-катчысы, 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси болгон. 1965-жылы Жылкы аттуу алгачкы документалдуу фильмин тарткан.

Андан кийин Мурас, Мүнүшкөр, Боом, Бакайдын жайыты, Ак илбирстин тукуму, Уркуя, Улан, Кызыл алма, Алтын күз жана башка фильмдерин тарткан. Кайсы гана фильмдеринде болбосун ал балдардын образын таамай ачкан. Ал дүйнө жүзүнө өз алдынча көз карашы жана мамилеси бар сүрөткер катары таанылды.

Анын фильмдеринин өзгөчөлүгү - реалдуу, турмуштук жөнөкөй эле көрүнүштү көркөм деталдар аркылуу орчундуу проблемаларды көтөргөндүгүндө. Көп эле фильмдерине Орто Азия жана Азия, Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалдарында алдыңкы байгелер ыйгарылган. Ошондой эле СССР эл артисти, Кыргыз ССР эл артисти, Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана башка бир нече сыйлыктын ээси болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 461, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу