Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Төлөгөн Касымбеков

Баш барак | Биографиялар | Төлөгөн Касымбеков

Төлөгөн КасымбековКыргыздын улуу жазуучусу, романистика чебери жана коомдук ишмер “Төлөгөн Касымбеков” 1931-жылдын 15-январында Аксы районуна караштуу Ак-Жол кыштагында туулган. Орто мектепти бүткөн соң, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп эмгектенген. “Төлөгөн Касымбеков” 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору болуп иштей баштайт, кийинчирээк 1960–1973-жылдары «Ала-Too» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторго чейин чоңоюп иштеп келет. 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974–1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирикмесинде адабий кеңешчи, 1987-жылдан тарта ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Төлөгөн Касымбековдун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген. 1965-жылы жазуучунун «Адам болгум келет» повести «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылып чыккан. Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн. 1966-жылы жарык көргөн «Сынган кылыч» тарыхый романы мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы «Прогресс» басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. “Төлөгөн Касымбеков” 1959-жылдан тарта СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алып, 1990–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болду. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп иш алып барып, 1990-жылдары Кыргызстан Эркин Жазуучулар союзунун башчысы болуп дайындалган. 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “Токтогул” сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамына татыган. Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон. Төлөгөн Касымбековдун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына (кийинки «Ала-Too») басылган. «Адам болгум келет» повести 1965-жылы «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылган. Ал эми 1966-жылы жазылган «Сынган кылыч» тарыхый романы орус тилине которулуп, Советтер Союзунун бардык элдеринин тилдерине которулган. 1986-жылы "Кел-Кел" романы жарык көргөн. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн 1970-жылы В. И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. 1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган. 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылып, «Ак шумкар» менен белгиленген.

Тоолуу жер, малга жайлуу кокту-колот,

Туулган жериң, Төкө, Аксы болот.

Ырчы кылган таластык Жеңижокту,

Ырахмат айтып койсом жакшы болот.

Жалтаңынын найзадай мизи болот.

Жайы салкын, калың кар кышы болот.

Айдарымдын жубайы — келинибиз,

Аксылык Топчубектин кызы болот.

Окугам «Адам болгум келетиңди»,

Ошонуң турмуш жолун ачып берген.

Алмак болуп борбордон илим-билим,

Айылдан Фрунзеге качып келгем.

Атыңды түбөлүккө унуттурбайт,

Айтылуу романың «Сынган кылыч».

Жараттың дагы нечен чыгармалар,

Жазылбады бирок да мындан дурус.

(Казакбай Абдышев)

Кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармалары:

Кичинекей жылкычы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 36 б.

Туулган жер: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 117 б.

Адам болгум келет: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 159 б.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 304 б.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 565 б.

Жетилген курак: Аңгеме, повесттер, тарыхый драма, эски накыл, роман.– Ф.: Мектеп, 1976. – 75 б.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 568 б.

Ак кызмат: Тарыхый очерк. – Ф.: Мектеп, 1980. – 88 б.

Кел-кел: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 568 б.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 712 б.

Баскын: Тарыхый роман. – Б.: Шам, 2000. – 400 б.

Кыргын 16-жыл. – Б.: Бийиктик, 2004. – 383 б.

Орус тилинде

Коке: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 75 с.

Хочу быть человеком: Повесть. – М.: Советский писатель, 1965. –140 с.

Алымкан: Тарыхый лирикалык поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 115 б.

Хочу быть человеком: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. «Повести небесных гор» жыйнагында. 633–727 с.

Хочу быть человеком: – М.: Художественная литература, 1968.

Сломанный меч: Ист. роман. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 475 с.

Сломанный меч: Ист. роман. – М.: Худож. лит., 1978. – 496 с.

Сын табунщика: Аңгемелер, повесть. – Ф.: Мектеп, 1979. – 64 с.

Сломанный меч: Ист. роман. – М.: Известия, 1980. – 478 с.

Зрелость: Роман, повесть. – М.: Сов. писатель, 1981. – 255 с.

Сломанный меч: Ист. роман. – Ф.: Мектеп, 1987. – 48 с.

Башка элдердин тилдеринде

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1971. – 253 б. – каз.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1975. – 260 б. – каз.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1981. – 553 б. – каз.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ташкент: Адабият жана искусство басмасы, 1980. – 382 б. – өзб.

Адам болгум келет. – Рига: Лиесма, 1972. – 140 б. – латыш.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Киев: Днипро, 1978. – 413 б. – укр.

Сынган кылыч: Тарыхый роман. – М.: Прогресс, 1980. – 517 б. – англ.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 23287, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо