Тянь-Шань сибирчиси

Тянь-Шань сибирчиси (Sibiraea tianschanica), (Pojark.) - Жапыз өскөн, бийиктиги 0,5 м ге жеткен, кара-күрөң, жоон бутактуу бадал. Жалбырактары ичке ланцеттей, жалбырак сапсыз, узундугу – 2-6 см, туурасы 4-8 см келип, учу учтугуй, теги жылаңач, кээде кирпик сымал кырдуу. Гүлдөрүнүн диаметри 5 мм, узундугу 2,5 см келген чачы топ гүлгө чогулуп, ичке өзөктө тыгыз жайгашкан, ал эми чачы топ гүлдөрү, шыпыргыдай топ гүлгө топтолгон, төмөнкү топ гүлдөрүнүн гүл сабынын узундугу 0,5-3 мм. Гүл топторунун гүл саптары жана гипантии жыш, узун түктүү. Желекчелери жылаңач, 4 мм узундукта, туурасы 2 мм. =====

Июнң айында гүлдөп, августта мөмөлөйт. Вегетативдик жана уругу аркылуу көбөйөт.

Түндүк Тянңшанң (Кетмен, Заилийск, Күнгөй жана Тескей Алатоо кыркалары). Кыргызстанда – Көкжар дарыясынын башатында (Тескей Ала-Тоо) жана Сүттүү-Булак суусунун башатында (Күңгөй Ала-Тоо) өсөт.

Бийик тоо алкактарында: бадалдуу жана жапалак арчалуу, сейрек өскөн карагайлуу токойлор, криофиттик (субалңпы) шалбаалар жана жапыз чөптүү (алңпы) шалбаасы. Жалгыздан же көп эмес топто учурайт.

Маалымат жок.

Жайыттарга мал жаюунун кесепетинен жабыркайт. Жаш өсүндүлөрү, көчөттөрү жокко эсе.

КР УИАнын Ботаникалык багынын дендрарий-коругунда бир нече жолу эгилген. Уругун күзүндө сепкенде көчөттөрү апрелде чыгат. Температуранын жогорулашынын жана абанын кургактыгынын кесепетинен кийинчерээк солуп калат.

Казак ССРинин (1981) жана Кыргыз ССРинин (1985) Кызыл китептерине киргизилген.

Көкжар дарыясынын башатында ботаникалык заказник уюштуруу. Калган жерлерде түрдүн популяцияларына туруктуу көзөмөл салуу керек.

CR. Түндүк Тянь-Шандын декоративдүү, сейрек кездешкен эндем өсүмдүгү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)