Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тиштеги таш

Тиштеги таш — тиштин түбүндө, арасында чогулган саргыч же бозомтук катуу заттар. Кээде тиш тамак чайноого катышпаса тишти таш каптайт. Адегенде тишке жумшак көңөр жыйналат. Көңөр тамак-аш калдыктарынан, бактериялардан жана былжырдан турат. Тишти туура тазалоодо, катуу тамакты чайнаганда бул кебер жакшы тазаланат. Тамеки тарткан кишилердин тиш кебери күрөң же кара түстө болот.

Андан пайда болгон таш эмалга өтүп, өтө кыйындык менен тазаланат. Тиштеги жумшак кеберди убагында тазалабаса, тиштин акиташ катмарына акырындап сиңип, катуу ташка айланат, ал көбөйөт, айрым учурда таш тиштин бүйлөдө жаткан жээгин, ал тургай тиштин тамырын да каптайт. Мында бүйлө тиштен качып, канайт, сезгенип (гингивит) ириң, кан чыгат, ооз жаман жыттанат. Тиштеги таш парадонтоздун өөрчүшүнө түрткү берет. Тиштеги ташты атайын аспаптын жардамы менен стоматолог тазалайт. Тишке кебердин жана таштын чогулушун алдын алуу үчүн бардык тиш менен чайноо, тамак-аш рационуна каткан нан, сухарь, сабиз, алма жана башкалар киргизүү зарыл. Ошондой эле тишти убагында дарылоо, эгер тиш жок болсо жасалма тиш салдыруу, бүйлөнүн сезгенүүсүн дарылоо чоң мааниге ээ. Тамак жегенден кийин оозду чайкоо, жылына эки жолу тиштеги ташты тазалатуу сунуш кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)