Тирсо де Молина

Тирсо де Молина өз аты – Габриель Тельес, (25. 3.1579, Мадрид – 13. 3.1648, Альмасан, Сория провинциясы, Испания – испан драматургу. Ренессанс драмасынын эстетикалык принциптерин барокко маанайы менен айкалыштырган. Тарыхый («Аялдын акылмандыгы», 1634) пьеса, комедия («Дон Хиль Жашыл шым», 1635, «Такыба Марта», 1636), диний-филос. драмаларды («Динге чала ишенгендиктен куугунтукталган», 1634) жазган. «Севильялык тентек же Таш конок» (1630) деген драмасын Дон Жуан жөнүндөгү легенданын негизинде алгачкы жолу иштеп чыккан. Чыг.: Комедии. Т. 1-2 М., 1969, Толедские виллы. М„ 1972.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)