Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тилекмат Жылкыайдар уулу

Баш барак | Биографиялар | Тилекмат Жылкыайдар уулу

(азыркы Жети-Өгүз району, туулган-өлгөн жылдары так эмес) - элчи, бугу уруусунан чыккан манап. Ишмердиги 19-кылымдын орто ченине туура келет. Бир катар жазма даректерде, фольклордук маалыматтарда Т-тын ысмы чечен, татаал жагдайдан жол таба билген билгир, өз уруусунун тагдыры үчүн аракеттенген дипломат, калыс, элге таасирдүү адам катары көп айтылат. Ормон хан өлгөндө сарыбагыш, бугу урууларынын ортосундагы кун төлөө тууралуу сүйлөшүүлөргө бугу уруусунун өкүлдөрүнүн бири катары катышкан. ошондой эле бул эки уруунун чабышын казак султаны Тезек төрө аркылуу басууга аракеттенген. Бугу уруусу Россиянын бийлигине өткөндөн кийин бул уруунун төбөлдөрү өз ара эки топко бөлүнгөн. Т. орустарга каршы турган топто болгон. Ошондуктан Кокон хандыгы аларды өз тарабына тартууга аракет жасаган; Т. кокондуктардын аскер чептеринин башчыларына элчи катары барып турган. Мындан сырткары, Чыгыш Түркстанда Жакупбектин бийлиги орногондо аны менен байланыш башталып, Т. 19-кылымдын 70жылдары Жети-Шаар мамлекетинин башчысы Жакупбекке өз ара карымкатнаштарды чындоо үчүн сүйлөшүүгө жиберилген. Ошол себептен Т. орустар тарабынан камакка да алынган.

Т. өмүрүнүн акырында уулу Чыныбайдын орустардын бийлигине аралашуусуна жетишкен. Т-тын ысмы менен Жети-Өгүз районундагы Шалбаа айылы аталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 540, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо