Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тешкен тоо (Тоннель)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тешкен тоо (Тоннель)

Жер бети теп-тегиз эместиги баарыбызга белгилүү. Жолго чыксанар албетте, силерге көптөгөн тоскоолдуктар - аң-дөңдөр, тоо-суулар кезигет. Адамдар мындай тоскоолдуктарды бир кыйла узак жол жүрүп, айланып өтүшкөн. Ошондуктан, жол салуу учурунда алар мындай тоскоолдуктарды жоюуга аракеттенишип, аңдарды түзөтүп, сууларга көпүрө салып, дөңдү оюп, тоону тешишкен. Муну тешкен тоо деп аташкан (англис тилинен которгондо - жер алдындагы курулуш дегенди түшүндүрөт).Анда транспорт алдынан кезиккен тоону же дөңдү айланып өтпөстөн, ошол эле тоонун бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып, жолду бир кыйла кыскарткан. Тешкен тоолор байыркы замандан эле белгилүү. Байыркы Вавилон, Египет, Греция жана Рим мамлекеттеринде жер алдында көптөгөн жумуштарды жүргүзүшкөн. Адамдар адегенде кен казууда, өлгөндөр үчүн жер астындагы күмбөздөрдү (гробницаларды), сыйынуу жайларын курууда, кийин суу түтүктөрүн орнотууда жер алдындагы өткөөлдөрдү курушкан. Орто кылымдардын аягында элдердин арасында соода байланышынын күчөшүнө байланыштуу жанаша аккан эки дарыяны байланыштырган жана кемелер өтө турган тоннелдерди кура башташкан.

Тешкен тоолорду куруу темир жолдор салына баштаганда айрыкча күчөгөн. Алгачкы темир жолдун тешкен тоосу Улуу Британияда 1828-1830-жылдары Ливерпул-Манчестер линиясында курулган. Анын узундугу 1 чакырым 190 метр болгон. Жардыргыч зат - пирокслиндин жана динамиттин табылышы, ошондой эле тоо-кен иштеринде бургулоо машиналарынын кеңири колдонулушу Франция, Италия жана Швейцария мамлекеттерин чукул жолдор менен байланыштыруу үчүн Альпы тоосунда тешкен тоолорду куруу зарылчылыгын жараткан. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-1918) башталганга чейин дүйнөдө ар биринин узундугу 5 чакырымдан ашкан 26 тешкен тоо курулган. Алардын ичинен Италияны Швейцария менен туташтырган Симплон тешкен тоосунун узундугу 20 чакырымга жеткен. 1920-1930-жылдары Италиядагы Флоренция - Болонья линиясында узундугу 18.5 чакырым келген Чоң Аппенин эки жолдуу темир жол тешкен тоосу жана Франциядагы Марсель-Рана суу магистралында Рова кеме жүрүүчү тоннели (7 чакырымдан ашык) курулган. Тоолордогу тешкен тоолор менен катар эле суу астындагы тешкен тоолорду да куруу өнүккөн.

Аларга Америкада Гудзон дарыясынын алдынан өткөн тоннель, ошондой эле Япониядагы Симоносекс кысыгынын түбүнөн өткөн узундугу 6 чакырымдан өткөн тоннелди айтсак болот. Азыр суу алдындагы тоннелдердин узундугу 150 чакырымга жетет. Россияда алгачкы 2 жолдуу, узундугу 1.28 чакырым келген Ковенский темир жол тоннели 1862-жылы курулган. 19-кылымдын аягында Урал, Крым жана Кавказдын темир жолдорунда тешкен тоолор пайда болгон. Алардын ичинен эң ириси 1886-1890-жылдары курулган, узундугу 4 чакырымдай Сурам тешкен тоосу эсептелет. 20-кылымдын башында Сибирде, Ыраакы Чыгышта бир топ тешкен тоолор курулган. Тешкен тоолордун курулушу, айрыкча Совет доорунда темир жол, ГЭС жана метролордун курулушу менен катуу өнүктү. Алар Сибирь аркылуу өткөн Байкал-Амур магистралынын (БАМдын) боюнда арбын. Кыргызстанда 1960-жылдары Кыргыз Алатоосунун борбордук бөлүгүндөгү Tөө Ашууда, деңиз деңгээлинен 3120 м бийиктикте, узундугу 2.8 чакырымга жеткен тешкен тоо курулган.

Ал аркылуу Бишкек—Ош автомобиль жолу өтөт. Келечекте долбоорлонуп жаткан, Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштыра турган Балыкчы-Каракече-Ташкөмүр темир жолун салууда тешкен тоолор арбын курулушу ыктымал. Анткени, жол бийик тоолуу аймак менен өтмөкчү. Тешкен тоолорду куруу бир нече этаптан турат. Адегенде тоонун боорун тешип, көңдөй жасалат. Ал жарылгычтардын жана бургулоо техникасынын жардамы менен жүргүзүлөт. Андан кийин тоо тектер урап, жолду бүтөп калбас үчүн тешкен тоонун төбөсү жана капталдары бекем материалдар менен бекитилет. Таманына жол салып, кирген суу агып кетиш үчүн арык жасалат. Кирген жана чыккан жерлерине дарбаза жана коргогучтар орнотулат.

Ичи жарыктандырылып, транспорт коопсуздук менен өтүшү үчүн бардык чаралар көрүлөт. Алар дайыма көзөмөлдөнүп турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 653, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу