Тешебаев Файзулла

Тешебаев, Файзулла (1925-жылы Сузак району. Бостон кыштагында туулган.)— колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. 1941-47-жылдары Сузак районундагы «Кызыл-Байрак» айыл чарба артелинде колхозчу, жардамчы бухгалтер, башкы бухгалтер, 1947-49-ж. пахта өстүрүүчү звенонун башчысы. 1947-ж. анын звеносу 3 га аянттын ар гектары¬нан 91 цден пахта жыйнап алган. 1954 -56 - ж. Сузак районундагы Дмитров атнындагы 1959-62-жылдары К. Маркс атындагы колхоздордун башкармасы, 1965-67-жылдары Кыргызстандын 20 жылдыгы» совхозунда, 1967-69-жлдары Араван раонуагндагы «Пахтачы» совхозунда агроном болуп иштеген. 1951-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)